Миллиондогон тендерге бийликтеги чиновниктердин катышы барбы?

7 месяцев назад
Иликтөөлөр
Мнение

ResPublica жана Factcheck.kg редакциялары иликтөө жүргүзүп, кызыктуу фактыларды аныктап чыгышты.

Garsu Pasaulis («Гарсу Пасаулис») ЖАК аттуу литвалык компания 2019-жылдын 1-февралында чет өлкөлүк паспорттордун бланктарын даярдап сатуу боюнча тендерде жеңүүчү деп табылган. Келишимде көрсөтүлгөн сумма 940 млн 150 миң сомду ($13,46 млн) түзгөн. Кызыгы, жеңүүчү сунуштаган баа башкаларыныкынан төмөн эмес. Бул литвалык компанияныкынан аз бааны эки немис фирмалары сунуштаган.  Мисалы, Mühlbauer ID Services GmbH кызматын 686 млн 772 миң 250 сомго ($9,8 млн) баалаган, бул баа литвалык компаниянын сунуштаган баасынан 253 млн 377 миң 750 сомго ($3,66 млн) аз. Veridos GmbH болсо паспорттордун бланктарын 936 млн 347 миң 750 сомго ($13,40 млн) даярдап бергенге даяр болгон. Ошентсе дагы, белгилеп кеткендей, бул тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясы утуп чыккан.

Өткөн аптада жеңүүчү деп табылган компания Бишкекте "Орион" отелинде презентация жасады. Башкы директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускастын айтымында, литвалык компания паспортторду 2007-жылдан бери бери жасап келет. Бир гана өздүк паспортторду гана эмес, айдоочулук жана акциздик күбөлүктөрдү, виза жана башка басма продукцияларын да даярдайт. 

Кызыктуу факт: литвалык компаниянын кожоюну - бельгиялык SEMLEX («Семлекс») компаниясы чуулгандуу окуя менен белгилүү болгондугун ЖМКлар жазып чыгышкан.  Конго Республикасында коррупция боюнча Reuters маалымат агенттиги иликтөө жасаган болчу. ЖМКларда жарыяланган почта аркылуу кат жазышуулардын негизинде белгиялык компания тарабынан африкалык өлкөнүн президентинин туугандарына акча которулгандыгы аныкталган.

Башка чуулгандуу окуялар

Бул коррупциялык чуулгандуу окуядан кийин Мозамбик «Семлекс» менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарышкан. Себеп: паспорттордун сапатынын төмөндүгү, окулбаган штрихкоддор, орфографиялык ката жана келишимде талаптардын толук аткарылбагандыгы.

Литвалык компания паспорттор кантип даярдала тургандыгын өткөн жумада маалымат жыйынында көрсөтүштү. Мозамбиктеги чуулгандуу окуя боюнча журналисттин суроосуна Витаутас Меляускас  төмөндөгүчө жооп берди: 

«Биз бланктарды гана жасайбыз, анда штрихкод болбойт. Паспорттун бланктарын Мамлекеттик каттоо кызматына беребиз. Бланктарда жеке маалыматтар, штрихкод, фотосүрөттөр жок. Анын баарын мамлекеттик каттоо кызматы киргизет, андыктан, штрихкоддор кандай сапатта болоору боюнча суроо ошол кызматка берилиши керек. Эгерде штрихкод окулбай кала турган болсо, анда күнөө бланкты жасагандарда эмес. Бланктын сапаты боюнча бизге буга чейин эч ким арызданган жок. Мен буга кепилдик берем».

 

 

Кыргызстанда бул компания менен ушуга окшош көйгөйлөр жаралбаш үчүн пайда болуучу тобокел жана жоопкерчилик чектерин баалоо үчүн компания менен мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимди ачыкка чыгаруу керек.

Аты аталган литвалык компанияга байланыштуу дагы бир чуулгандуу окуя Комор аралдарында катталган. Мында мамлекеттик бийлик «Семлекс» өндүргөн 170 паспортту "туура эмес даярдалган" деп кайра артка кайтарган.  Мындан тышкары ЖМКлар жазып чыккандай, Комор аралдарында 5000-10000 паспорттор ирандыктарга жана АКШ билдиргендей, Иранга каршы санкцияны бузган адамдарга "сатылып кеткен". Бирок литвалык компаниянын жетекчилиги ишендиргендей, «Семлекс» жана анын президенти «Гарсу Пасаулис» компаниясынын саясатына кийлигише албайт. 

 Болот деген ким?

"Ориондо" болуп өткөн маалымат жыйынында  «Гарсу» компаниясынын өкүлү Витаутас Меляускас Factcheck.kg ресурсунун журналистине билдиргендей, "аларды Кыргызстанга Россияга элчи болуп кеткен Болот аттуу чиновник алып келген".  Ал литвалык компанияны 2012-жылы паспорттордун бланктарын даярдап сатуу боюнча тендерге катышууга чакырган. «Гарсу» ошол кезде да кызматын $49 млн 930 миң 400гө баалап тендерге катышкан эле. Бирок тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, буга чейин паспортторду жасап келген компаниялар менен келишим автоматтуу түрдө узартылган.  Маалыматка ылайык, мурда жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспортторду англиялык «Де Ля Ру», ал эми биометриялык ID-карталарды - KOMSCO компаниялары даярдачу.

«Гарсу» компаниясы алгачкы жолу Кыргызстанда акциздик маркаларды жасап сатуучу компания катары тендерде  2013-жылы утту. 

Ошондо табышмактуу Болот деген ким? 

Болот жергиликтүү рынокто чет элдик «Гарсу» компаниясынын лоббисти жана колдоочусубу? 

Тилекке каршы, литвалык бизнесмен Болоттун фамилиясын эстеп калган эмес. Бирок анын сүрөттөмөсү боюнча кыргызстандык эки чиновник туура келет, алар: Болот Отунбаев (Кыргызстандын АКШдагы элчиси) же Болот Жунусов (КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары).

Отунбаевдин изи

 «Гарсу Пасаулис» ЖАК  «Гарсу Пасаулис» аттуу кыргыз компаниясынын тең уюмдаштыруучусу .  Витаутас Меляускас маалымат жыйынында белгилеп өткөндөй, жергиликтүү компания Кыргызстанга акциздик маркаларды сатуу тууралуу келишим боюнча логистика жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Жергиликтүү компаниянын тең уюмдаштыруучусу жана директору болуп Уран Тынаев саналат. Ачык булактарда ал тууралуу маалымат аз. КР юстиция министрлигиндеги маалыматтар боюнча Тынаев «Ново Клиник» компаниясынын Беккул Жекшенкулов (КР Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу) экөө уюмдаштыруучулары болуп эсептелет. Беккул Жекшенкулов литвалык компания өткөргөн маалымат жыйынында жүргөн.

Беккул Жекшенкулов APR (АПР) компаниясынын директору да болуп эсептелет. Бул компаниянын уюмдаштыруучусу катары Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп кеткен  Бектур Абдраев көрсөтүлгөн

Кепти кайрадан Отунбаевге буралы. Белгилүү болгондой, КРнын АКШдагы элчисинин эки бир тууганы бар, алар: Отунбаева Роза Исаковна(КР өткөөл мезгилдеги президенти) жана Отунбаева Гульмира Исаковна (Чыныбаев Адамкалый Чыныбаевичтин аялы). Адамкалый Чыныбаев салык жана бажы кызматтарында жогорку кызматтарда иштеп кеткен.

«Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга ылайык, «Гарсу Пасаулис» компаниясынын эң ири сатыктарына Чыныбаев Адамкалыйдын тийешеси бар. Жөн эле дал келүүбү? 

 «Гарсу» компаниясынын өкүлдөрү бул байланышты, албетте, жокко чыгарышууда. Алар ишендиргендей, ал кезде кызматтарын 1995-жылы туулган Азык Чыныбаев аттуу брокер сатып алган. Сатып алууну жүргүзүү учурунда бул брокер КУУнун экономикалык факультетинин 4-курсунун стунденти болчу жана ал Адамкалый Чыныбаевдин тууганы болобу же жокпу, андай маалымат жок.


Бирок биз аныктагандай, Адамкалый Чыныбаевдин жакын тууганы - Чынасыл Чыныбаев Бишкек мэриясында жетекчилик кызматта иштеп кеткен жана кыргыз саясатчысы Мелис Турганбаевдин (учурда МЖАК башчысы) күйөө баласы (Чынасыл Чыныбаевдин жакын тааныштары тастыктап беришти) болуп эсептелет. 

Жунусовдун изи

Балким литвалык бизнесмен Болот Жунусов тууралуу сөз кылгандыр. Жунусов Болот Төлөгөнович 2009-жылга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары жана төраганын милдетин аткаруучу болуп иштеген, ал эми азыркы учурда КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары. 2012-жылдын апрелинде КРнын Россиядагы элчиси болуп дайындалып, 2016-жылга чейин ошол кызматты аркалап жүрдү.  

Ал менен кошо МКК төрагасынын орун басары болуп Бектур Абдраев(Беккул Жекшенкулов директору болгон APR (АПР) компаниясынын уюмдаштыруучусу) иштеген. Белгилүү болгондой, Абдраев менен Жунусовдун ортосунда достук мамилелери да бар. Балким бир нече жыл өткөн соң бул мамилелер солгундап калгандыр.  Бирок биз бул материалды даярдап жатканда аны жарыялоого бут тосуулар көп болду.  Маалыматка ылайык, өкмөттүн аппаратынан бул компания тууралуу макала даярдалып жаткандыгы тууралуу эскертүү келип түшкөн. 

Анда министрлер кабинетиндеги литвалык компаниянын колдоочусу ким? 

Бул суроого ResPublica жана Factcheck.kg  журналисттери жооп издөөнү, ошондой эле миллиондогон тендерди утуп алган «Гарсу Пасаулис» ЖАК компаниясы менен  кыргыз чиновниктеринин байланыштарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнү дагы да болсо уланта бермекчи. 

Жөн гана фактылар

Болот Жунусов КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп, чет элдик паспорттордун бланктарын даярдап сатуу боюнча тендердин өткөрүлүшүнө туура бир ай калганда, 2018-жылдын 23-сентябрында дайындалган.

23-октябрда мамлекеттик сатып алуу боюнча сайтта тендер тууралуу жарыя жайгаштырылган. 19-ноябрда келип түшкөн сунуш-каттар ачылып, 2019-жылдын 1-февралында тендерде «Гарсу Пасаулис» ЖАК жеңүүчү деп табылгандыгы коомго жарыя болду. 

Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 15-январда дайындалды. Ошол эле күнү Аликбек Жекшенкулов да КР Россиядагы элчиси болду. Ал эми Мелис Турганбаев Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы болуп 8-февралда иштеп баштаган.   

Ошентсе да...

КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы Garsu Pasaulis компаниясы жана тендердин жыйынтыгы боюнча териштирүүлөрдү баштады. ЖМКлар жазып чыккандай, даттанууларды кароочу көз карандысыз ведомство аралык комиссияга IDEMIAFrance SAS компаниясы тарабынан арыз келип түшкөн. Уюмдун өкүлдөрү тендер комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдиришкен:

«Ал компания (ред.- Garsu Pasaulis) Альбер Каразиван жана бельгиялык SEMLEX компаниясына таандык. Биз мамлекеттик сатып алуулар департаменти көңүлүн Альбер Каразиван Европада коррупция жана паспорттордун трафиги боюнча кылмыш ишине тартылгандыгына буруусун каалайбыз».

Комиссия бул арыздын негизинде мамлекеттик сатып алуулар департаментине МУККга кайрылып дооматта көрсөтүлгөн фактыларга укуктук баа берүү өтүнүчү менен, ошондой эле Мамлекеттик финансы чалгындоо органына Garsu Pasaulis компаниясынын бенефициардык кожоюндарын "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына шайкеш текшерүү боюнча кайрылуу жөнөткөн.   

Мындан тышкары комиссияга тендердин башка катышуучусу - Muhlbauer IDServices GmbH компаниясынан да арыз келип түшкөн. Бул уюм Garsu Pasaulis компаниясынынын документтерин сынактын бекитилген шарттарына туура келеби же жокпу, ошол жагын   текшерүүнү өтүнүүдө. 

Бул материал "Республика" гезитинде 2019-жылдын 21-февралында жарыяланган.