Фактчек. Бабанов билетти кайтарган эмес, алмаштырган

5 месяцев назад
Factcheck
Factcheck в КР

Буга чейин саясатчы өз баракчасына авиабилетинин сүрөтүн жайгаштырып, Кыргызстанга 13-апрелде саат 14.50дө келерин кабарлаган. 

Бирок кийинчирээк ал билетин кайтарганы маалым болду. 

Маалымат «Аэрофлот» авиакомпаниясынын расмий сайтында да такталган. «Бронду башкаруу» бөлүмүндө Бабанов жарыялаган билеттин коду аркылуу аны  38 427 рублга сатып алганы аныкталды. Бирок, кийинчирээк ал билет жокко чыгарылган. Сайтта билет үчүн жүргүнчүгө 35 452 рубль кайтарылып берилгени көрсөтүлгөн. 

http://factcheck.kg/froala/uploads/6874ca52eb3971f7ca44068df2be9c3aa864e711.png

Factcheck.kg Бабановдун пресс-борборуна кайрылып, брондун жаңы кодун ала алды.  Ал код аркылуу биз сайттан жаңы билетти таптык. Саясатчы айтылган күнү, аталган рейс менен келери белгилүү болду. 

http://factcheck.kg/froala/uploads/bf63d418b8a8b3a7c9468138fefbd69fa45ab971.png

http://factcheck.kg/froala/uploads/a0263a27b8a44dd7334fd84f795a22091f5e7688.jpg

Жыйынтык: 

- Бабанов авиабилетин тапшырды деген маалымат жалган эмес.