Кондиционер менен атырдын кесепетинен чыккан өрт тууралуу видеону текшеребиз

2 недели назад
Factcheck
Factcheck в КР

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде унаада пайда болгон өрт тууралуу видео тарады. Тилсиз жоо атыр менен темир тулпардын кондиционеринен жаралганы айтылып келет. 

Кондиционер иштеп жаткан учурда парфюмдун флаконун ачпоо сунушталып, унаанын терезелери жабык болгон кезде абада жарылуучу зат пайда болот деп айтылат.  

http://factcheck.kg/froala/uploads/472e0f33db6a74b6940e6f19eaab9a259fb4af2a.png

http://factcheck.kg/froala/uploads/f0f4ba6d85f2515ea66a09df4adf8bfcc18594ed.png

Factcheck.kg аталган тасмаларды ким жана качан тармакка чыгарганын аныктап,  өрттүн чыныгы себептерин изилдеп көрдү.  

Алгач интернет айдыңында видео качан пайда болгонун аныктайбыз. Скриншот аркылуу издөө салсак, салондун ичинде тартылган тасма 2015-жылдын сентябрь айында жарыяланганы белгилүү болот:  

Ал эми өрткө кабылган унаа тууралуу тасма: «Лазавицкая мончосунун жанындагы унаа өртү, 2015-жыл, 11-май, саат 17.05, Великие Луки» деген мүнөздөмө менен коштолуп, 2015-жылдын май айында жарыяланган.  

Тасмалар төрт жылдан бери өз-өзүнчө тарап келген. Бирок, таасирин күчөтүү максатында эки видео бириктирилип, орус тилдүү интернет сегментинде жайылган. Ал эми чет элдик ресурстарда алардын бипи гана, салондун ичиндеги өрт тууралуу тасма тараган.  

Роликтердин алгачкы булагын тапкан соң, жалындын келип чыгышынын себебин аныктайбыз.

Биринчи тасмада жүргүнчү бир нерсени жагып, от өйдө көтөрүлөт. Жыйынтыгында өрт салонго толук тараганын байкайбыз.  

http://factcheck.kg/froala/uploads/d0b8f0d12eb28b8a014d233acc4e88d8022dbb16.png

Орус тилдүү ресурстардын арасынан издөө оңунан чыкпаган соң, маалыматты англис тилинде караштырабыз. Жыйынтыгында биринчи тасмада болгон окуя  Mirror сайтында талкууга алынганын аныктайбыз. Анда унаа Сауд Аравиясында өрттөнгөнү айтылып, жаштар «шайыр газ» же бутанды жыттаганы маалымдалат. Мындай көрүнүш баңги заттар тыюу салынган араб өлкөлөрүндө кеңири жайылганы белгилүү. «Миррор» өз макаласында окуядан жабыр тарткан (рулду башкарган) жигиттердин биринин сөзүн келтирет. Анын айтымында унаа терезелерин жаап коюп, иниси экөө спрейди чачып ойногон. Андан соң иниси оттонткучту (зажигалка) колдонгон. Жыйынтыгында өрт пайда болгон. Жаштар Fidfad аттуу суюктук кийим үчүн иштелип чыкканын билген эмес. 

Тилекке каршы, каармандын сөзүн тастыктаган бир да факт табылган жок. Андыктан, унаа өртүнүн себеби кондиционер менен атыр эмес, жабык салондо чачылып, күйгүзүлгөн спрей болгон деген тыянак чыгарабыз. 

Snopes.com сайтындагы маалыматка ылайык,  Джорджия штатына караштуу Атланта шаарындагы Envista Forensics компаниясынын вице-президенти, эксперт Bryan Maphet мындай деп айткан: 

Атырдан өрт чыгаруучу бир да ыкма жок. Атыр оттун себеби боло албайт, ал бир гана жыт пайда кыла алат. 

http://factcheck.kg/froala/uploads/0230804b0f49d6f09ebb217738fa560cd828cbc8.png

Экинчи тасма Великие Луки шаарындагы видеожазгычка (видеорегистратор) тартылган. Google аркылуу издөө аракети iluki.ru сайтына алып келет. Аталган сайт Көзөмөлдөөчү бөлүмдүн (өрт коопсуздугу, жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдан калкты жана аймакты коргоо багытындагы Россия Федерациясынын көзөмөлдөөчү кызматы) маалыматына таянып, окуяны төмөнкүдөй сүрөттөгөн:

«Жалын газ баллондун кесепетинен улам пайда болгон. Темир тулпардын ээси баллонду өзүнүн унаасына горизонталдык абалда, капкагын ачык бойдон салып жүргөн. Анын айынан газ абага чыккан, ал эми жүрүп бараткан унаада айдоочу оттонткучту колдонгон».

http://factcheck.kg/froala/uploads/766b36ccbc09906ecc67c3dc0c50213753a503c0.png

Белгилей кетчү жагдай, орус тилдүү интернет айдыңында бириктирилген тасманы жалаң көнүл ачуучу ресурстар жайылтан. Унаанын жалындашынын негизги себептерин изилдеп көрүп, алардын 20сын аныктайбыз. Тизмектеги себептердин арасынан бири да кондиционер менен байланышкан эмес. 

Жыйынтык:

  • Өрт кондиционердин иштешинен улам келип чыккан деген видео мүнөздөмө - фейк. Эки тасмада тең жалындын кондиционерге да, атырга да тиешеси жок. Роликтин бириндеги өрт газ баллонду туура эмес алып жүрүүдөн улам пайда богон. Ал эми экинчи тасмадагы өрткө жабык салондо спрей чачып, оттонткучту пайдаланануу себепкер болгон. 
  • Эки тасма тең төрт жылдан бери социалдык тармактарда жайылып келет. Бул алардын популярдуулугунан жана колдонуучулардын ишенчээктигинен кабар берет. Колдонуучулар бири-бирине кам көрүп, тааныштарын  «кооптуу жагдай» тууралуу «эскертүүнү» эп көрүшүп, фейктин кеңири жайылышына ыңгайлуу шарт түзөт.