Жөтөлгө каршы сироп менен сүттүн аралашмасы 4 баланын өмүрүн алдыбы? Текшеребиз

2 месяца назад
Factcheck
Factcheck в КР


Энеси балдарына жөтөлгө каршы сироп менен сүттүн  аралашмасын берип, аларды өлтүрүп алганы тууралуу окуя социалдык тармактарда жана WhatsApp аркылуу кеңири жайылды.  

 

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын изилдеп көрдү. 

Маалыматтын алгачкы булагын издегенибизде, окуя 28 февралда lifeinsaudiarabia.net сайтында жарыяланганы белгилүү болду. Эки күндөн соң, 2 мартта,  маалымат аталган сайттын Facebook социалдык тармактагы баракчасына чыккан. 

Ал эми lifeinsaudiarabia.net аттуу ресурс тууралуу маалымат интернет айдыңында сейрек кездешет. Анлис тилиндеги сайт 2017 жылы каттоодон өтүп,  анын ээсинин аты-жөнү сайтта көрсөтүлгөн эмес. Ресурс акысыз CMS WordPress системасында иштеп, баасы 59$ды түзгөн Newspaper шаблонун колдонот. Мындан улам, аталган ресурска ири интернет-долбоорлорго жумшалгандай каражат сарпталган эмес деген тыянак чыгарабыз. 

Ал эми ресурстун администрациясы өзүнүн сайтына же 1,7 млн. катталуучусу бар Facebook баракчасына тиешелүү сумма үчүн каалаган маалыматты жайгаштырарын  жашырбайт:

Мындай көрүнүш аталган сайтта пайда болуп турган фейк жаңылыктарынын байма-бай тарашынын бирден-бир себеби боло алат. Өз учурунда фейк жана резонанс жараткан макалалар көптөгөн окурмандын сайтка баш багышына себепкер болуп, жарнама берүүчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. 

Балдарын ууландырып алган эненин окуясында эч бир факты, каармандардын аты, маалымат булагы айтылбаганына байланыштуу, анын фейк экенин так кесе айтуу мүмкүн болбоду.  

Интернет ресурстары маалыматты тактабастан бөлүшкөнүнөн улам, орус жана англис тилинде издөө аракеттери да оңунан чыккан жок. 

Сүт менен дары-дармектердин кошулмасы өлүмгө алып келгени тууралуу документалдык далилдер да табылган жок. 

2012-жылы "Фармацевтический вестник" аттуу ресурста сүт менен аралыштырууга сунушталган жана сунушталбаган дары-дармектин тизмеги тууралуу маалымат жарыяланган.  

Фармацевтика илиминин окумуштуусу, кафедра доценти Мухаммед Арифур Рахмандын айтымында, сүттүн дары менен аралашмасынан пайда болгон суюктук дарынын натыйжалуулугун төмөндөткөндөн башка эч зыян алып келбейт

 Жыйынтык:

- Сүт аралашмасы менен жөтөлгө каршы сироп 4 баланын өлүмүнө себепкер болгону тууралуу окуя– фейк.