Атамбаевдин жашырган мүлкү. Атайын иликтөө

2 месяца назад
Иликтөөлөр
Factcheck в КР

Factcheck.kg «Декларатор» долбоорунун алкагында саясатчылардын мүлкү тууралуу иликтөөлөрүн жүргүзүүнү улантат. Бул ирет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 2015, 2016 жана 2017-жылдарга карата тапшырган декларациясына көз чаптырып, маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин аныктадык. 

Кой-Таштагы ден-соолукту чыңдоо борбору

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү бир нече айдан бери жаңылыктардын сап башында. Буга чейин түрдүү иш-чаралар жана чогулуштар өткөрүлүп келген жер тилкеси  тууралуу маалыматты мурдагы президент 2015-жылдан 2017-жылга чейин декларациясында жашырбай көрсөткөн. 

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин 2015-жылдын 12-майында мурдагы мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимовадан сатып алганы белгилүү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Айнура Ибраимова жерге болгону 5 күн, 7-майдан тарта 12-майга чейин ээлик кылган. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/c3faa8cf46ee13b5fc6bd05d7aa7498af93a7be8.png

https://factcheck.kg/froala/uploads/36b319a7d8e6a1ff30766920ec31b43d02722ed7.png

Kloop.kg басылмасынын 2016-жылдагы маалыматына ылайык, Ибраимовага чейин жер тилкесине Анарбек Укуев, жана  «Дастан» заводу ээлик кылган. Бирок жерлер бириктирилип же бөлүнгөнүнөн улам, мурдагы кожоюндар тууралуу маалымат кадастр кызматынан табылган эмес жана анда жердин алгачкы ээси катары  Албек Ибраимовдун жубайы көрсөтүлгөн.  

Белгилей кетчү жагдай, жердин техникалык мүнөздөмөсүндө «колдонуу формасы» (форма использования) катары «ден-соолукту чыңдоо борбору», ал эми куруу максаты «маданий» деп көрсөтүлгөн. Ага карабай, аталган жерде маданий да, ден-соолукту чыңдоочу да борбор эмес, кадимки үй курулганы жалпы журтка белгилүү. 

 https://factcheck.kg/froala/uploads/3f5278fa3f0ca4a8d9f876ab6dfd6ab5fda56277.png

Кой-Таштагы жерлери

Атамбаев «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда башка "жакшылар" сымал Босфордо, Лондондо же Түркияда вилла сатып албай, ата-бабалардан калган жерге үй салганын айткан. Анын айтымында, 6,5 га жерди сатып алууну Албек Ибраимов өзү сунуштаган.

Бирок, Кой-Таштагы үйдүн аянты 2,7 га болсо, калган 3,8 га жер кайда деген суроо жаралат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаев айыл-чарбага багытталган 500 чарчы метр (5 сотых) жерди алып, 2015-жылдын 12-майында каттоодон өткөргөн. Бирок бул маалымат 3 жылда тапшырылган декларациянын биринде да көрсөтүлгөн эмес. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/6c10a9e4471fa1ce12b79da5858efc7f0594730e.png

 https://factcheck.kg/froala/uploads/47a7ef6df2a41d9edada2ed3182e11979f320427.png

Ошентип, мурдагы ажо кеп кылган 6,5 га жердин дайыны белгисиз бойдон калууда.

Ал эми 2015-жылдын 3-сентябрында Алмазбек Атамбаев 0,7 га жерди көп жылдуу бак-дарактар тигилет деген жүйө менен ижарага алган, бирок аны да декларациясына киргизүүнү туура көргөн эмес. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/40a74e4d4eadcf67c55f740aba804b5a1fa3ca43.png

https://factcheck.kg/froala/uploads/59bc669b728e7f53198755cc897cf4fe1d6b8b4b.png

Мамлекеттик салык кызматынын пресс-катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, айыл-чарба жаатында ижарага алынган жер тилкелерди саясатчылар декларацияда көрсөтүүгө тийиш

2018-жылы Атамбаев дагы бир нече участокторду алат. Бирок алардын аянты белгисиз жана кадастр кызматына бул тууралуу маалымат жок. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/437ec89e2a036e815095992ac5beeeec3aa28e3c.png

 https://factcheck.kg/froala/uploads/8add17338c7ecba1fae22cd89561aa85edbf511d.png

Арашан айылындагы Атамбаевдин мүлкү

Атамбаевдин мүлкү Арашан айылында да зор. Ал ээлик кылган жердин аянты дээрлик кичи шаарга же Бишкек шаарынын үчтөн бирине тете.  

Декларацияда 2016-жылдын сентябрь айында алынган, аянты 0,25 гектарды түзгөн тилке да көрсөтүлгөн эмес. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/62b683e34a9171e643e6a60f0edbce904345b7cc.pnghttps://factcheck.kg/froala/uploads/c4202b656391f0b5e12cfb35e19b991dd83f2a95.png

Factcheck.kg редакциясы Атамбаев кеп кылган 6,4га жердин дайынын тапты. Көрсө, ал Кой-Ташта эмес, өзүнүн кичи Мекенинде экен жана Атамбаевдин атына 2010-жылдын ноябрь айынан тарта катталып, көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максатында алынган.  

https://factcheck.kg/froala/uploads/1144eef7588f33f0dea4079baf4e0135ba6c20e0.png 

https://factcheck.kg/froala/uploads/5c1a415f146b322b0b27f97fbe461862beafd90a.png

2010-жылы Алмазбек Атамбаев Арашан айылындагы 2 га жерге аз убакытка ээлик кылат. Мүлк 23-ноябрда катталар замат менчик токтойт жана кыймылсыз мүлк жоюлат. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/ce2108ffcd6126235e99499e8e7db2c8aec50242.png

https://factcheck.kg/froala/uploads/63a6440648635d66fb6f77e534f43573cde55bc3.png

2018-жылы Алмазбек Атамбаев 5700 га жайыт жерди ижарага алат. Ал Бишкек шаарынын аянтынын (16000 га) үчтөн бирин түзөт дегенге барабар. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/6bd4eab43f05e8d50a5165d078db4dcac6e0ba50.png

https://factcheck.kg/froala/uploads/7566189de9d19f28fbba066d675a166f034cfb4d.png

Factcheck.kg редакциясы мурдагы президенттин мүлкү тууралуу иликтөө жүргүзүүнү улантат. 

Алмазбек Атамбаевдин 2015, 2016 жана 2017-жылдарга карата тапшырган декларациясы тууралуу маалымат төмөнкү шилтемеде жайгашкан:

http://declarator.politmer.kg/human/531 

https://factcheck.kg/froala/uploads/7a56f345bc6ef112a21053b04927b4247e555306.png https://factcheck.kg/froala/uploads/892d5e05112f9079e60dadd4e75be5a51581b9c4.png https://factcheck.kg/froala/uploads/e1e08b9d28ade5d6c7b81cbbd96489ae10ad1c41.png