Торопой ымыркай тууралуу фейк

1 год назад
Factcheck

Интернетте тарап кеткен чочко жана адамга окшош жаныбарды силикондон италиялык сүрөтчү жана фотограф Лайра Магануко жасаган. Бул жаңылыкты кыргызстандык сайттар дагы жарыялашты. 


Көпчүлүк колдонуучулар бул сүрөттөрдү көрүп ишенип алышты. Албетте, сүрөттө жаныбар аябай реалдуу болуп көрүнөт. 


Бирок чындыгында бул кызык жаныбарларды италиялык сүрөтчү Лайра Магануко силикондон жасап интернет-дүкөндөрүндө сатат. Силер көрүп тургандай, чочко жана адамга окшош жаныбарды бирөөлөр сатып алган сыяктуу. 


Албетте, силикондон жасалган бул жаныбар Лайра Магануконун жалгыз чыгармасы эмес. Анын көпчүлүк жумуштары коомдо кызыгууну жана талаш-тартышты жаратат.