Гульнура Торалиева: Камакка алуу учурларын кантип чагылдыруу керек?

1 год назад
Медиакритика
Интернет

Социалдык тармактардын кыргызстандык сегменти жана ЖМКлардын жаңылыктар чыгарылыштары күн сайын жасалган кылмыштар тууралуу маалыматтар менен толуп келет. Бул тема жалпы маалыматтардын 60-70 пайызын түзөт.  

Кармалгандардын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоо Кыргызстанда гана кездешчү маанилүү маселелердин бири эмес. Улуу Британияда бул маселе медиа коомчулук, адвокаттар, соттор жана күч структуралары тарабынан байма-бай көтөрүлүп турат: 2013- жана 2016-жылдары бул маселенин айланасында чоң талаш-тартыштар жаралып, полиция расмий түрдө ЖМКларга кармалгандарды айып угузганга чейин аты-жөнүн жарыялоого тыюу салмакчы болгон. 

Алиги күнгө чейин ЖМК процесстин ачыктуулугу жана кармалгандар тууралуу маалыматтарды жарыялоо мүмкүнчүлүгү үчүн алппурушуп келет. Ошентсе да, журналисттер менен медиа-эскперттердин арасында кылмышка шектүү делип кармалгандар анонимдүүлүгүн сактоо укугуна ээ экендигин танбагандары да бар. Айрым укук коргоочулар жана адвокаттар айыпталуучулардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялоо адам укугун бузган менен барабар деп белгилешет. 

Анонимдүүлүк тараптагылар басымдуу түрдө айыпталуучунун сүрөтүн жана аты-жөнүн жарыялоо жазыксыздык жоромолун (адилеттүүлүктүн базалык концепциясы,  ага ылайык, адамдын күнөөсү далилденмейин ал айыптуу деп эсептелбейт) бузуп жатат деп эсептешет.  Социалдык тармактарды колдонуунун кеңири шарттарында айыпталуучунун жазыксыздык жоромолуна мүмкүндүгү калбаары анык. 

Кармалгандардын анонимдүүлүгү боюнча дагы бир мисал, бул  кармалган адамдын өзүнүн жана анын жакындарынын коопсуздугу боюнча маселелер. Улуу Британияда күрөө берип айыптууну камактан чыгаруу окуялары көп катталат.  Кээде айыпталуучу айыбы угузулбай бир нече жылга чейин эркиндикте жүрүшү ыктымал. Мындай учурларда анын эркиндикте жашоосу чыдагыс болуп калат, анткени ЖМКлар аны коомго кылмышкер кылып көрсөтүп коюшкан.  Күч органдары тергөө иштерине байланыштуу ырастамаларды келтирип, айыпталуучунун идентификациясы башка чыныгы кылмышкерлерди издөөгө тоскоол болоорун белгилеп келишет. 

Ал эми айыпталуучунун сүрөтүн жана аты-жөнүн жарыялоо үчүн чыгып жаткандар процесстин ачыктуулугу идеясын жетекчиликке алышат. Ошондой эле, күч органдарынын ишинин жабыктыгы камакка алынгандарды негиз жок эле айып угузбастан бир топ убакытка чейин кармоого жол ачаарын айтышат.  Алар аргумент катары - коомдук кызыкчылык, коомчулук чыныгы коркунуч ким тарабынан болоорун билиши керек деген сыяктуу жүйөөлөрдү келтириши мүмкүн.  Ошондой эле, коомчулук айыпталуучуларды билиши керек, анткени анын сүрөтү менен аты-жөнү жарыялангандан кийин башка жабыркагандардан дагы арыздар түшөөрү мүмкүн дешет.

Азыркы учурда бул маселе боюнча мыйзамдардын жана пикирлердин көпчүлүгү айып угузулганга чейин айыпталуучунун аты-жөнү ЖМКларда чыкпашы керек деген жүйөөнү карманышат. ошентсе да, кадыр-барктуу эл аралык ЖМКлар оор кылмыштарга шектүү делгендердин сүрөтүн, аты-жөнүн кошо жарыялап коомдук резонанстарды жаратышууда.  Ушул эле учурда жабыркагандардын, айрыкча сексуалдык мүнөздөгү кылмыштын курмандыктарынын аты-жөнү ЖМКларда ачык айтылбайт. Күч структуралары айыпталуучулардын идентификациясына расмий түрдө тыюу салган учурда ЖМКлар юридикалык жоопкерчилик тартышы керек.

Jigsaw identification – паззл катары тизилип калчу идентификация түшүнүгү тууралуу уктуңүз беле? Мисалы, бир басылма айыпталуучунун курагын жана инициалын гана жарыяласа, экинчиси иштеген жерин жазат, жыйынтыгында, паззл чогулуп, айыпталуучунун же жабыркоочунун  идентификациясын аныктоого  мүмкүн болуп калат.  Бул учурда дагы ЖМК юридикалык жоопкерчилик тартат. 

Мындай практика атактуу фигураларга анчалык тийиштүү эмес: белгилүү артисттер, актерлор, спортчу, саясатчы, жогорку кызматтагы чиновниктер ж.б.. Бул жерде жазылгандай, алардын атактуулугу - бул алардын адам укугунун бузулушуна алып келчү жүк катары белгиленет. Мунун айынан алардын жеке жашоосу, анонимдүүлүгү дагы аз корголот. 

Биздин ЖМКларды алсак, контентке анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгында, так редакциялык саясаты бар кадыр-барктуу басылмалар кылмышка шектүүлөрдү чагылдырууда этикалык принциптерди сактай тургандыгы байкалат. Ошентсе да, макалалардын аталыштары кыйыр түрдө курч, ачуу айыптоолорду камтып,  жазыксыздык жоромолунун жана атактуу фигура болуп эсептелбеген айыпталуучунун анонимдүүлүгүнүн бузулушуна алып келгенине күбө болобуз.  

Гульнура Торалиева - медиаэксперт