Азиз Суракматов жана кызыкчылыктар конфликти

1 год назад
Инструменты
Мнение


Factcheck.kg Кызыкчылыктар конфликти тууралуу Мыйзам эки миңинчи жылдары кабыл алынганда,  жаңы эле Бишкек мэри болуп шайланган Азиз Суракматов кеминде 2 учур менен жоопко тартылмактыгын аныктады.

Биринчи учур.  2014-жылы “Галерея-Милениум” компаниясы Гоголь/Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жер үлүшүн ижарага алып, аны акы төлөөчү унаа токтотуучу жайга айлантат. Бул компаниянын уюштуруучулары Суракматова Гүлбара Эмильбековна жана Жумалиева Назира Жайлообековна болгон.  Ошол кезде Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты, муниципалдык менчик, жер масалелери, шаар куруу жана архитектура боюнча комиссиянын мүчөсү Нуржан Тынымсеитова, муну менен катар Суракматова Гүлбара Эмильбековнага таандык (уюштуруучусу) "Елизавета" курулуш компаниясынын башкы директорлук кызматын дагы аткарып келген. Бишкек шаардык Кеңештин 2011-жылдын 20-декабрында кабыл алган токтомуна ылайык Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:  

а) соода жана/же түз сатыкка коюлчу жер үлүштөрүнүн тизмесин аныктоо;  

б) жер үлүшүнө болгон укуктун түрүн (менчик, ижара),  аны берүү ыкмасын (аукцион, сынак, туз сатык); аукцион кадамын (эгерде аукцион өткөрүлсө) же сынактын шарттарын (эгерде сынак өткөрүлсө) аныктоо; 

в) соодага жана түз сатыкка коюлчу жер үлүштөрүнүн старттык баасынын өлчөмүн аныктоо; 

г) сооданын жыйынтыктарын бекитүү.

Демек, Нуржан Тынымсеитова муниципалдык менчикти ижарага алуу боюнча сооданын жүрүшүнө жана жыйынтыгына түздөн-түз таасир эте алат. Бул жалпы кабыл алынган кызыкчылыктар конфликтинин аныктамасына,  мамлекеттик кызматта туруп тийешеси бар адам катары да туура келүүдө. 

Экинчи учур, биринчи учурдан мурун болгон жана Азиз Суракматовго түздөн-түз тийешеси бар. 

“Борбор калаадагы бардык шаар курулуш долбоорлорун мурункудай Мамкурулуштун жетекчилиги эмес, шаардык шаар куруу комитети бекитет. Бул туурасында шаардык парламенттин сессиясында Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев билдирди. Анын айтымында, шаардык шаар куруу комитетине шаардык Кеңештин депутаты Азиз Суракматов, төрт аким жана ошол эле сандагы райондук архитекторлор  кирет", -  24 кг,  2007-жылдын 2-октябры.  

Тактап айтканда, ошол эле 2007-жылы Азиз Суракматов  шаар курулуштары боюнча чечим кабыл алчу органдын курамына кирчү.  2007-жылдын декабрында "Ливерпуль" ЖЧКу "Холод" ЖЧКдон "Россия" кинотеатрынын артында жайгашкан жер үлүшүн 49 жылга ижарага алуу укугун сатып алган.  "Ливерпуль" компаниясы менен Азиз Суракматовдун кандай байланышы бар? Баягы эле Нуржан Тынымсеитова "Ливерпуль" ЖЧКнун директору.  Уюштуруучуларынын дагы Азиз Суракматов менен байланышы бар.  Тактай кетсек, Нурсауле Арапбаева(ЖК депутаты Азамат Арапбаевдин тууганы) жана Гүлбара Суракматова  "Sphere KG" ЖЧКнун  уюштуруучулары, ал эми  "Ливерпуль" ЖЧКнун экинчи уюштуруучусу Жумалиев Улан Жайлообековичтин эжеси жана атасы - Жумалиева Назира Жайлообековна жана Жумалиев Жайлообек  - Азиз Суракматовдун туугандары менен бирдикте 6 компаниянын  кожоюну болуп эсептелишет.

Ошентип, 2009-жылы Шаардык Кеңештин жыйынында “Кафе-ресторандын ордуна салынчу «Бизнес-борбор» объектисинин эскизи» каралып колдоо тапкан.  "Ыкчамдуу түрдө бизнес-борбордун курулушу үчүн архитектуралык пландалуучу шарттар - АПУ берилген", - делип "Депутаттардын маңдайында пайда болгон бизнес-борборду ким курду" деген аталыштагы 2018-жылдын 26-майында жарык көргөн макала 24.kg сайтында жарыяланган.  

2009-жылы Азиз Суракматов Бишкек шаарынын Кеңешинин төрагасы болгон үчүн бул маселе боюнча чечимди кабыл алууга түз катыштыгы бар.  

Кызыкчылыктар конфликти тууралуу Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын декабрында кол койгон.  Бирок Азиз Суракматов жана анын туугандарына байланыштуу жогоруда айтылган эки окуя, бул мыйзам кабыл алынгандан мурда болгон.