Биз тууралуу "Азаттык" радиосу:

1 год назад
Фактчекинг тууралуу
Методика и инструменты фактчекинга

Анын негизги максаты - фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен, сын мамиле менен кабыл алып, чын же жалган экенин билүүгө үйрөтүү. "Жазылгандын баары - чындык эмес" дейт сайттын башкы редактору Болот Темиров.

Сайтта маалымат каражаттарында чыккан макалаларга талдоо жүргүзүү, чындык менен токулган маалыматты айырмалай билүү ыкмалары аудио, видео жана текст түрүндө орусча жана кыргызча жарыяланып турат. Азыр сайтта элүүгө жакын талдоочу, маалыматтык баяндар бар.

Жарандар же басылмалар кай бир кабардын, сүрөттүн чын-төгүнүн билүүнү кааласа, сайт аркылуу адистерге кайрылса болот.

Фактчекинг - журналисттик иликтөөнүн бир түрү жана учурда эл аралык трендге айланууда. (SE)