Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун директору Алексей Петрушевский "Азаттыкка" калп айтты

1 год назад
Factcheck
Factcheck в Мире


Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский  "Азаттык" радиосунун журналистине борбордогу балдарды чет өлкөгө чыгарууга даярдабагандыгын жана бул боюнча тийиштүү расмий каттарды жөнөтпөгөндүгүн билдирген. FACTCHECK Алексей Петрушевскийдин журналисттерге айткандары караандай КАЛП экендигин аныктады.

10 сентябрда "Азаттыктын" журналисти Кубаныч Жолдошев даярдаган "Балдарды баалаган көмүскө "көргөзмө"" аттуу макала жарыяланган. 

Макалада Кыргызстандагы реабилитациялоо борбордон жана интернаттардан балдарды чет өлкөгө алып чыгаруу тууралуу  сөз жүрүүдө. Муну уюштурууга чет өлкөлүк PROJECT 143 аттуу компаниянын дагы байланышы бар.  Журналисттик иликтөөдө балдарды сыртка алып чыгууга кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевскийдин дагы тйииштиги бар болушу мүмкүндүгү белгиленген. Бирок  "Азаттыкка" берген интервьюсунда Петрушевский буга түк тийешеси жоктугун жана каттарды ал башка себептер менен жазганын айткан: 

"Мен балдарды эл аралык базага коюуга өтүнүчтөрдү мыйзам чегинде келтиргем. Анткени мен муну өкмөттүн №125 токтомуна ылайык жазып жөнөткөм. Буга чейин социалдык коргоо органдарына 30 баланы базага коюу боюнча өтүнүч келтиргем. Биздин бардык өтүнүчтөр өкмөттүн жогорудагы токтомуна ылайык жүргузүлгөн жана толук мыйзамдуу болгон деп айта алам. Мен сиздерге ошол өтүнүчтөрдү жана балдарды жетимдер үйүнө жөнөтүүгө каршы болгон каттарыбызды көрсөтөм. Анда биз алардын ата-энесин, жакындарын издөө керектигин көрсөтүп, тиешелүү органдарга жана сотторго кат жазып, кат алышкан учурлар болгон. Бирок бир дагы жолу балдарды америкалык жаранга багып алууга берүүгө өтүнүч келтирип кат жазган эмесмин. Мен "балдарды жакын туугандары же болбосо бала багып алууну каалаган жарандар асырап алышсын" деп жазгам. Бирок ата-энесинен кароосуз калган балдарды аларга бербестен, балдар үйлөрүнө же жатак мектептерге жөнөтүп жиберген көп учурлар болгон".

Бирок factcheck.kg ресурсунун журналисттерине реабилитациялык борбордун директорунун сөздөрүн  төгүндөгөн документ келип түштү.  


Бул документтерге ылайык, Алексей Петрушевский чындап эле Биринчи май райондук социалдык коргоо бөлүмүнө балдарды АКШга алып чыгаруу боюнча кайрылган.

Бүтүм: Петрушевскийдин балдарды чет өлкөгө алып чыгарууга даярдоого тийиштигим жок жана мамлекеттик органдарга бул боюнча кат жөнөткөн эмесмин, -  деп айткандары караандай калп. 

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардан бизге билдиришкендей, Алексей Петрушевский  башкалар үчүн жабык болгон жашыруун купуя маалыматтарды буга чейин ачык эле алып келген, демек, анын бул базага жеткиликтүүлүгү бар болгон. Муну төмөндөгү документтер ырастап турат.


Көрүнүп тургандай, бул кат Петрушевскийдин атынан Чүй облусундагы интернаттын директоруна жолдонгон жана мында АКШга "көргөзмөгө" чыгарылып келген балдар үчүн Америкада үй-бүлө табылгандыгы тууралуу айтылып жатат. 

Мыйзамга ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтин балдар тууралуу мамлекеттик маалымат банкында катталган балдар тууралуу маалымат купуя(жашыруун) маалымат деп эсептелет.