Сүрөттөгү үй чын эле Сегизбаевдикиби?

1 год назад
Factcheck
Factcheck в Мире

Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан үйдүн кимге таандык экенин Factcheck.kg аныктоого аракет жасады. 

Интернеттеги Фейсбук социалдык байланыш тармагында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаев жана анын орун басары Болот Суюнбаевге таандык делген, Бишкектин Орто-Сай VIP-шаарчасында курулган кооз

Интернеттеги Фейсбук социалдык байланыш тармагында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаев жана анын орун басары Болот Суюнбаевге таандык делген, Бишкектин Орто-Сай VIP-шаарчасында курулган кооз

Курулушка мүнөздүү белги -  бул анын Г тамгасында салынып жаткандыгы жана анын дөңсөө этегинде курулгандыгы дагы бизге  google earth программасынын жардамы менен картадан табууга жардам берди.   


1- курулуш экинчи сүрөттө көрүнүп турат, ал эми 2- жана 3- курулушту интернетте жайгаштырылган фотосүрөттөрдүн айрымдарынан гана байкоого болот.  


Бул курулуш ММКлар жазып чыккандай, чын эле Орто-Сай айылында жайгашкан. Кадастр кызматынын сайтындагы картада бул үйлөргө кадастр номурлары бериле электиги аныкталды.  


2gis.ru ресурсундагы картада бул объект "салынып жаткан административдик имарат" катары көрсөтүлгөн. 

Көңүл буруучу жагдай, бул спутник сүрөттөрүндө салынып жаткан үйдүн ачык көгүлтүр түстөгү чатыры. Бирок башка нерселерди эске алсак, мисалы, акыркы спутник сүрөтү 2018-жылдын апрелине таандык болгондуктан, дал ушул имаратты социалдык тармактарда Абдил Сегизбаевдин үйү катары белгилешүүдө. 

Орто-Сай айылындагы курулуш алгач ачык көгүлтүр түстөгү чатыры бар административдик объект катары салынып баштаган. Бирок, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан фотосүрөттү тарткан учурда бул имарат хан сарайга айланганы көрүнүп турат. 

Маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү боюнча түрдүү ыкма-жолдорду колдонуу менен биз бул курулуштун  42.806430, 74.597651 координаттары боюнча жайгашкандыгын аныктадык. Тилекке каршы, бул имарат кимге таандык экенин билүүгө мүмкүн болгон жок. Мындай маалыматты мамлекеттик каттоо кызматы гана билиши керек.