Абакомпаниясынын жообу: Жүргүнчү самолеттон чыгуудан баш тарткан

1 год назад
Factcheck
Factcheck в Мире

Factcheck.kg сайты Air Astana Зууракан Каденовага байланыштуу инцидент боюнча абакомпаниясынын маалымат кызматына кайрылды. Эскерте кетсек, бул окуядан кийин социалдык өнүктүрүү министринин орун басары жумушунан бошотулган болчу. 

Абакомпаниянын жообу: 

"22-сентябрда  "Сеул - Алматы"  каттамы боюнча КС 910 рейсинин борткоштоочулары самолетту учууга даярдоо учурунда бизнес-классынын жүргүнчүсү Зууракан Каденованын абалы начар экенин байкашкан.  Ал суроолорго жооп бере алган эмес. Учуу коопсуздугу жана анын абалынын мындан да начарлашына жол бербөө максатында аны учактан чыгаруу чечими кабыл алынган. Каденова  самолет бортунан чыгуудан баш тарткандыктан, экипаж мүчөлөрү учактан бардык жүргүнчүлөрдү чыгарууга аргасыз болгон.  Бул окуянын жыйынтыгында, рейс 1 саат 47 мүнөткө кечиктирилген. Ал эми Зууракан Каденова эртеси күнү  КС 960 рейси менен кайткан". Учурда абакомпаниясы тарабынан бул инцидент боюнча ички териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Factcheck сайты бул окуя боюнча "Зууракан Каденованын "абакомпаниясы мага карата эч кандай доо-арыздары жок" деген сөзү жалган" деп бүтүм чыгарды.  Ошондой эле,  министрдин мурунку орун басары "кара тизмеге" киргизилбегендиги тууралуу пикирин тастыктоо же жокко чыгаруу азырынча эрте.  Анткени,  Air Astana компаниясынын бул боюнча чечими ички териштирүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.