Site icon Factcheck

(Кыргыз) Байтерек менен Жуманазаровдун манипуляциясы: алгачкы тизмекти текшеребиз

MyCollages (12)

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына Мээрим Жуманазарованын атасы жана жеке тренери Дүйшөн Жуманазаровдун барбай калышы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратты. Жуманазаровдун айтымында ал башында делегациянын тизмегинде болуп, кийин алынган. Ал эми делегациянын курамына спортко тиешеси жок чиновниктер киргизилген. 

Чиновниктердин арасынан өлкө башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерек коомчулуктун сынына эң көп кабылган. Байтерек учурда президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалайт. 

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди 

Делегациянын алгачкы курамы

Олимпиада оюндарына барчу кыргызстандыктардын тизмеги ЖМКларда алгач 17-июлда пайда болду. Анда спортчулардын, тренерлердин, дарыгерлердин, спорттук уюмдардын өкүлдөрүнүн, Улуттук Олимпиада комитетинин жана Мамлекеттик спорт агенттигинин кызматкерлеринин ысымы бар эле. Ал тизмекте Дүйшөн Жуманазаров, Галина Байтерек жана Байтерек менен “квота бөлүшкөн” президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиевдин ысымдары болгон эмес. 

Галина Байтерек Касымалиевдин Олимпиада оюндарынын ачылышына келип, андан соң Кыргызстанга кайтканын жана өзү анын ордуна келгенин билдирген. Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаевдин ысымы да алгачкы тизмекте жок эле

Олимпиада оюндары 23-июлда старт алганын эске алып, алты күндүн ичинде делегациянын курамы кандай алмашканы түшүнүксүз. 

Байтеректин манипуляциясы

Галина Байтерек Мээрим Жуманазаровдун атасынын Токиого барбай калышын пандемиядан улам квотанын саны кыскартылганы  жана уюштуруучулар жеке тренерлерди делегацияга кошпогону менен түшүндүргөн. 

Жыйынтык: манипуляция. Делегациянын курамында эки жеке тренер болгон: 

Демек, Байтеректин делегацияда жеке тренерлер болгон эмес деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. 

Жуманазаров тизмекте бар беле?

Жуманазаровдун тренерлердин катарында Токиого баруусу тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес, себеби Олимпиада Комитети жарыялаган тизмекте анын ысымы жок эле. 

Factcheck.kg тизмекке саресеп салып, 14 тренердин ичинен экөө гана жеке тренер экенин, ал эми калганы федерациялардын башкы жана улук машыктыруучулары экенин аныктады. 

Олимпиада оюндарына ар тармактан экиден тренер барган:

Мындан тышкары: 

Мамлекеттик спорт агенттигинин жогорку жетишкендиктер спорт бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбековдун айтымында спорттук делегация менен расмий делегациянын ордун алмаштыруу мүмкүн эмес. Экинчиден, акыркы жылдары Мээрим Жуманазарованы башкы тренер менен улук тренер машыктырган. Ал эми үчүнчүдөн Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдап, мамлекеттен акча алган башкы жана улук машыктыруучулар келген. Алар оюндардын жыйынтыгы үчүн жооптуу. 

Андыктан, “Токиого Жуманазаровдун ордуна чиновниктер барды” деген билдирүү – манипуляция. Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу  Байгазы Кенжебаев коштогон.

Дүйшөн Жуманазаровдун комментарийинде да манипуляция бар. Анын спортко тиешеси жок чиновниктер, мисалы депутаттар Токиого кетти деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. 

Эл өкүлдөрүнүн ичинен Токиого Байгазы Кенжебаев гана бет алган. Ал бир эле учурда депутат жана Кыргызстандын Аялдар күрөш федерациясынын вице-президенти жана улук машыктыруучусу кызматын аркалайт.

Чиновниктерсиз делегациялар 

Токиодогу Олимпиада оюндарына чиновниктерди жиберүүдөн бир нече өлкө баш тарткан. Алардын ичинен 1984-жылдан тарта эң жайкы оюндарга катышкан эң ири делегация болгон Канаданын өкүлдөрү 371 спортчудан турат.  

Беларус делегациясында 200 адам болсо, анын ичинен 96сы спортчу, калганы машыктыруучулар, медицина жана техникалык кызматкерлер.

Токиого баруудан тажик чиновниктери да баш тарткан. 

Спортчуларды республиканын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Мухаммедшо Абдуллоев жана бухгалтери Жамшед Низомов коштогон.

Олимпиада комитетинен жооп күтөбүз

Макала даярдоодо Улуттук олимпиада комитетине көптөгөн суроолор пайда болгонуна карабай, анын бир дагы өкүлү менен байланыша алган жокпуз. Биз комитеттин комментарийин алууга жана аны жарыялоого даярбыз.

Exit mobile version