Социалдык тармактарда жана айрым сайттарда үрөй учурган тасма тарады. Анда Бишкектеги ооруканалардын биринде өлүктөр эшикте жатат деп кабарланат.
Factcheck.kg маалыматты текшерип көрүүнү чечти.
Argument.kg сайты макаланы 2020-жылдын 6-июлунда жарыялап, алгачкы булак катары Asia-times.org басылмасын көрсөткөн.
The Asia Times макаласы да 6-июлда жарык көргөн.
–
“Азия Таймс” өз учурунда Life басылмасына шилтеме бергени менен, ал сайттан тиешелүү маалымат табылган жок.
«Кара пакетке оролгон өлүктөр» («трупы в черных пакетах») деп издөө салсак, көптөгөн казакстандык басылмаларга туш болобуз.
Алардын дээрлик бардыгы freedom_kz2020 аттуу инстаграм каналга шилтеме берген. Тасма 2020-жылдын 5-июлунда жарык көргөн жана андагы комментарийде окуя Актау шаарындагы ооруканалардын биринде болгону айтылат. Freedom_kz2020 инстаграм баракчасынын ээси тасманын автору эмес экенин кабарлаган.
Ошол эле күнү Мангистау облусунун акимиаты (Актау – Мангистау облусунун борбору – Factcheck.kg) инстаграм-аккаунтунан бул маалыматты төгүндөгөн. Мындан тышкары, тасма Мангистау облусунун полиция департаменти тарабынан текшерүүгө алынган.
Белгилей кетсек, Argument.kg жана Asia-times.kg сайттары буга чейин да жалган маалыматты таратып келгенин factcheck.kg аныктаган.
Жыйынтык: Фейк. 5-июлда казакстандык инстаграм-баракчасында Актау ооруканасындагы окуя катары жарыяланган. Ал эми кыргызстандык сайттарда тасма 6-июлда гана тараган.