Site icon Factcheck

(Кыргыз) Фактчек. Бабанов билетти кайтарган эмес, алмаштырган

1554909478_large

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Буга чейин саясатчы өз баракчасына авиабилетинин сүрөтүн жайгаштырып, Кыргызстанга 13-апрелде саат 14.50дө келерин кабарлаган.

Бирок кийинчирээк ал билетин кайтарганы маалым болду.

Маалымат «Аэрофлот» авиакомпаниясынын расмий сайтында да такталган. «Бронду башкаруу» бөлүмүндө Бабанов жарыялаган билеттин коду аркылуу аны  38 427 рублга сатып алганы аныкталды. Бирок, кийинчирээк ал билет жокко чыгарылган. Сайтта билет үчүн жүргүнчүгө 35 452 рубль кайтарылып берилгени көрсөтүлгөн.

Factcheck.kg Бабановдун пресс-борборуна кайрылып, брондун жаңы кодун ала алды.  Ал код аркылуу биз сайттан жаңы билетти таптык. Саясатчы айтылган күнү, аталган рейс менен келери белгилүү болду.

Жыйынтык:

– Бабанов авиабилетин тапшырды деген маалымат жалган эмес.

Exit mobile version