(Кыргыз) Садыр Жапаровдун гардеробу: 158 миң сом турган дагы бир MooRER курткасы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

19-октябрда Кыргызстан президентинин администрациясынын сайтында Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатына баргандыгы тууралуу жаңылык жарыяланган. Мамлекет башчы ишканага италиялык MooRER брендинин 158 миң сом же $1.9 миң турган LIVIO-KN курткасын кийип барган.

MooRER брендинин сайтынан бул модель алынып салыптыр. Бирок журналисттер так ушундай куртканы али да сатып алса боло турган люкс кийимдерин саткан жалгыз сайтты таба алышты.

Interfino Мода Үйү ушундай эле куртканы 118.9 миң рублга сатууда, бул болжолдуу 158 миң сом же $1.9 миң болот (КР Улуттук банкынын 20-октябрдагы курсу боюнча). Белгилей кетсек, бул кийим арзандатылганга чейин 225.3 миң сом же $2.7 миң турган (169.9 миң рубль).

Президент түшкөн сүрөттөрдөн кийимдин ага мүнөздүү деталдарын байкаса болот – тигиштерди, запонкаларды, молниянын планкаларын ж.б. Алар журналисттер тапкан жылуу куртканын деталдарына окшош.

Бул Садыр Жапаровдун MooRER брендиндеги жалгыз кийими эмес. Ал эл алдына ушуга окшош куртканы кийип чыккан болчу – Нарын областындагы Солтон-Сары алтын кенине барып, эл жана инвесторлор менен жолукканда. Президенттин ар курткасы €1020 же 85.8 миң сом турган (КР Улуттук банкынын текшерүү болгон күндөгү курсу боюнча).

Тыянак: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатына италиялык MooRER брендинин 158 миң сом ($1.9 миң) турган курткасын кийип барган. Анын ушуга окшош ушул эле бренддин 85.8 миң сом (€1 миң) турган дагы бир курткасы бар.

Маалымат үчүн

Жалпы республика боюнча 2022-жылдын III кварталындагы адам башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7242 сомду түздү.

Жашоо минимуму эмнеден турат:

  • Тамак-аш азыктары – 65% же 4 707 сом,
  • Азык-түлүк эмес товарлар – 16% же 1 159 сом,
  • Кызматтар – 17% же 1 231 сом,
  • Салыктар – 2% же 145 сом.

Садыр Жапаровдун 158 миң сомдук бир куртасы кыргызстандыктардын 22 жашоо минимуна туура келет.