Site icon Factcheck

(Кыргыз) Жети министрликтин жетекчилери үч жолу алмашты. Садыр Жапаровдун келиши менен кадр саясаты кандай жүрүп жатат

114

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Садыр Жапаров Жаңы Министрлер кабинети ант берип жаткан учурда бул өкмөт туруктуу жана узак мөөнөт иштейт деген үмүтүн билдирген болчу.

“Мүмкүн болушунча узак убакыт иштеш керек деген ойдомун. Анткени, эгемендик алган 30 жыл ичинде 35ке жакын Өкмөт алмашып кетти. Бул – ар бир Өкмөттүн иши алдыга жылбай, бир эле ордунда турду дегенди билдирет. Анткени ар бир Өкмөт экономикалык, социалдык программаларын даярдап бүтүп, иштеп баштайын дегенде алмашып кетип жатышты”, – деген ошондо мамлекет башчы.

Factcheck.kg редакциясы Садыр Жапаровдун дээрлик эки жылдык президенттиги учурунда министрлер кабинетиндеги кадр саясаты кандай болгондугун аныктап чыкты.

Өкмөттүн курамы кандай эле?

2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өтүп, Садыр Жапаров утуп чыккан. Андан кийин мамагенттиктер, комитеттер, фонддор профилдик министрликтер менен бириктирилип, өкмөттүн жаңы структурасы түзүлгөн жана жаңы жетекчилер дайындалган. Ошондо эле өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришкен.

2021-жылдын 3-февралына карата өкмөттүн курамы:

Бирок жарым жыл өткөндөн кийин, 2021-жылдын 12-октябрында Садыр Жапаров министрлер кабинетин толугу менен кызматтан кетирип, жаңы жетекчилерди дайындаган. Бир гана УКМКнын, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин жетекчилери гана өз орундарында калышкан.

Кайсы ведомстволордун жетекчилери баарынан көп алмашты?

Кадрдык алмашууларды талдап чыгып, министрлер кабинети жаңылангандан кийин жети мекеменин жетекчилери үч жолу, ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары ушул убакыт аралыгында беш жолу алмашканын аныктадык.

Мисалы, Энергетика жана өнөр жай министрлигинде дээрлик ар бир беш айда министр алмашып турган. 2021-жылдын февралында Кубанычбек Турдубаев министр болуп көрсөтүлгөн, бирок ушул эле жылдын июнунда кызматынан алынган. Белгилей кетүүчү жандай, кызматтан кетирилген күндөн бир күн мурда энергетиканын абалы талкууланган тегерек стол учурунда сөз сүйлөп, көз карандысыздыгыбыздын бардык жылдарында өлкөнүн жогорку жетекчилигинин тармактагы жемкорлук схемаларга түздөн-түз катышы болгонун айткан.

Анын ордуна Доскул Бекмурзаев дайындалган. Ал 2021-жылдын сентябрында Башкы прокуратура “Жылуу суу” (“Теплые ключи”) ден соолукты чыңдоо комплексин куруу учурунда 15 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктап, бир канча кылмыш иштерин козгогондо кызматынан четтетилген.

Азыр Энергетика министрлигин Таалайбек Ибраев жетектейт. Бул кызматка чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ​​ишканасынын (ЧүЭТИ, Кыргызстандын Улуттук электр тармагынынын филиалы – ред.) директору болгонго жетишкен. Белгилей кетчү жагдай, 2010-жылы КР Башкы прокуратурасы аны КРдин экс-президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин командасында энергетика тармагына жооп берген Алексей Ширшовдун кадры деп расмий билдирген болчу.

Ушундай эле көрүнүш Транспорт министрлигинде, Маданият министрлигинде, Саламаттык сактоо министрлигинде, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде, Билим берүү министрлигинде жана Экономика министрлигинде байкалат.

2020-жылдын октябрынан бери УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин жетекчилери гана алмашкан эмес.

Тыянак: Жети министрликтин жетекчилери үч жолу алмашкан. Баарынан көп алмашуулар министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарлары арасында болгон – 5 жолу.

Exit mobile version