Site icon Factcheck

(Кыргыз) Шылуундар WhatsApp’ты бузуп кирип, акчаны талап кылышууда: кантип коргонсо болот?

WhatsApp-kruto-obnovilsya.-Messendzher-zapustil-absolyutno-novyj-sposob-obshheniya-3

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

КМШ өлкөлөрүндө шылуундар WhatsApp аккаунттарды бузуп киришип, аккаунт ээсинин жакындарына жана досторуна карызга акча берип турууну суранган билдирүүлөрдү жиберген шылуундук учурлар көбөйдү.

(screen)

Factcheck.kg’нин редакциясы мындай кылмыштүү схеманын курмандыгы болуп калбоо боюнча кеңири нускаманы иштеп чыкты.

Мессенжерди бузуп кирип, карызга акча сураган учурлар Кыргызстанда мурда да болгон. Мындай окуянын бири тууралуу мурдараак шоумен Алтын Камчиев айтып берген.

«Досум мага жазыптыр, карызга акча сурап. Номерин текшерсем, аныкы. Мен мурда мындай окуяга туш келбесем, ойлонбой эле дароо акча которуп коймокмун. Бирок анын мага кайрылганы таңгалтырды. Ал эч качан «Салем» дебейт, ашып кетсе «Салам» дейт, ал эми адатынча ал «Привет, как дела» деп кайрылат», – деп бөлүшөт ал.

Шылуундуктан кантип коргонуу керек

  1. Токтоп, шашпай олойнуп көргүлө

Анын жүрүм-турумуна көңүл бургула, шектүү эч нерсе жокпу.

  1. Маектешүүнү токтоткула

Сүйлөшүүнү же кат түрүндө баарлашууну токтоткула. Эгер билдирүү жиберген адамдын аныктыгын тастыктай албасаңыз ага эч бир жеке же төлөм маалыматтарын бербеңиз.

  1. Эгер тексттик билдирүү келсе, төмөнкү нерселерге көңүл бургула:

Ууурулуктан кантип коргонсо болот?

Биринчи кезекте, эки баскычтуу текшерүүнү орнотуу зарыл. Бул сиздин WhatsApp аккаунтуңуздун корголушун жакшырткан кошумча функция. Номур ийгиликтүү катталгандан кийин WhatsApp’та эки баскычтуу текшерүүнүн экраны ачылат.

Дайыма WhatsApp’тын расмий колдонмосун гана колдонгула. Эгер WhatsApp’тын жасалма түрүн колдонсоңуз сиздин жеке маалыматтарыңыздын купуялуулугу жана коопсуздугу чоң коркунучта.

Сизге таандык топтордун коопсуздугуна көңүл бургула. Ким сизди топторго кошо аларын жана ким сиздин топторуңузга кошула аларын белгилегиле, ошондой эле керексиз билдирүүлөрдү жана колдонуучуларды өчүргүлө.

Эгер шылуундар мессенжериңизди бузуп киришсе, аккаунтуңузга ээликти кантип кайтарса болот?

Эгер WhatsApp аккаунтуңузду уурдап кетишсе, WhatsApp’ка телефон номуруңуз аркылуу кирип, SMS-билдирүү катары же телефон аркылуу жиберилген алты сандан турган кодду киргизип аны кайра жаңыдан каттаңыз.

Алты сандан турган кодду киргизип WhatsApp’та кайра катталганыңызда WhatsApp аккаунтуңуз колдонулган башка түзүмдөрдөн автоматтык түрдө чыгасыз. WhatsApp аккаунтту бир убакта бир гана телефон номурга каттаса болот.

Сизден эки баскычтуу текшерүүнүн PIN-кодун сурап калышы мүмкүн. Эгер аны сиз билбесеңиз, анда эки баскычтуу текшерүүнү сиздин аккаунтту колдонуп жаткан башка адам иштеткен болушу ыктымал. Анда сиз жети күн күтүшүңүз керек болот, жети күндөн кийин аккаунтуңузга эки баскычтуу текшерүүнүн PIN-кодун колдонбой кирүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

Биздин кеңештерибиз карасанатайлардын курмандыгы болбогонго сизге жардам бере алат деген ойдобуз.

Exit mobile version