Facebook социалдык түйүнүндө Санкт-Петербург шаарындагы «Смольнинское» муниципалдык билим берүү Кеңеши Мамлекеттик Думанын депутаттарына Украинадагы согушту баштагандыгы үчүн Орусиянын президентине каршы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоого чакырык жасоо тууралуу чечим кабыл алгандыгы тууралуу маалымат пайда болду. Маалымат муниципалдык дептаттардын чечиминин жана бул чечимге тиркелген кайрылуулардын скриншоттору менен коштолгон.
Бул маалымат интернет-колдонуучулардын шек саноосун жаратты. Көпчүлүгү фейк деп ойлошууда.
Чындап эле 7-сентябрда «Смольнинское» муниципалдык билим берүү Кеңешинин депутаты Дмитрий Палюга Twitterдеги өз баракчасына Мамлекеттик Думага жолдонгон аталган чечимдин жана кайрылуулардын текстин жарыялаган.
Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй: «…Украинанын аймагында атайын аскердик операция башталгандан бери Орусия Федерациясынын президенти В.В. Путиндин иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери бар – бул мамлекеттик чыккынчылык… Атайын аскердик операция учурунда РФ армиясынын аскердик жөндөмдүү бөлүктөрү жок болуп, жаш эмгекке жөндөмдүү жарандар өлүп, майып болуп жатышат; Орусиянын экономикасы жабыр тартууда; Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен чек арасынын узундугу эки эседен ашык көбөйдү; атайын аскердик операциянын максаттарынын бири Украинаны демилитаризациялоо деп жарыяланды, бирок тескери натыйжага жетишти… Биз президент Путиндин атайын аскердик операцияны баштоо тууралуу чечими Орусиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна зыян келтирет, деп эсептейбиз. Буга байланыштуу, сиздерден … аны РФ Президенти кызматынан четтетүү үчүн ага каршы мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып коюу сунушу менен чыгууну суранабыз”.
Палюганын айтымында алардын кайрылуусуна жооп кылып “кандайдыр бир шылтоолорду” келтириши мүмкүн. Кесиптеши Радислав Полуйков да ага кошулаарын белгиледи. Журналисттин “Сиздерди угуу мүмкүнчүлүгү канчалык, деп ойлойсуздар?” деген суроосуна “нөлгө жакын“ деп жооп берген. Ошентсе да, Полуйков күмөн саноонун дандары Мамлекеттик Думанын депутаттарынын башына себилип, алар президентке мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагышаар, деген үмүтү менен бөлүштү.
Эскерте кетсек, 2-мартта «Смольнинское» муниципалдык билим берүү Кеңешинин депутаттары Владимир Путинге “кан төгүүнү токтотууга, Орусиянын аскерлерин Украинанын аймагынан тез арада чыгарып кетүүгө жана отставкага кетүүгө” чакырган кайрылуу жолдошкон.
Белгилүү болгондой, «Смольнинское» муниципалдык билим берүү Кеңешинин депутаттарына эртеси күнү эле армияны “жаманатты кылуу“ боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүү үчүн полицияга келүүгө чакыруу келген. Бул туурасында 8-сентябрда, бейшемби күнү DW эл аралык телеканалдын журналисттерине аталган демилгени колдогон депутаттардын бири Никита Юферев билдирди.
9-сентябрда эртең менен депутатка келген SMS-катка ылайык, ал Санкт-Петербург шаарынын борбордук району боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын 76-полиция бөлүмүнө келиши керек болгон. Юферевдин айтымында мындай билдирүү бардык депутаттарга, “добуш берүүдөн кармангандарга дагы“ келген.
Жыйынтык: чындык. Санкт-Петербург шаарындагы “Смольнинское” муниципалдык билим берүү Кеңешинин депутаттары чындап эле Мамлекеттик Думанын депутаттарына Украинадагы согушту баштагандыгы үчүн Путинге каршы мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып коюу чакырыгы менен кайрылуу жана чечим кабыл алышкан.
