Избранное Investigations

(Кыргыз) “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Ишеним” партияларынын капчыгын толтурган жумушсуздар менен мугалимдер

22.11.2021

(Кыргыз) “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Ишеним” партияларынын капчыгын толтурган жумушсуздар менен мугалимдер

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мугалимдер, цирктин директору жана жумушсуз талапкерлер шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фондуна 200 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин которгон. 

Factcheck.kg  шайлоо фонду эң ири болгон “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Ишеним”  партияларынын капчыгын кимдер толуктаганын иликтеди. 

Эске салсак, партиялардын шайлоо фонду бир нече жол менен толтурулат:

  • талапкердин жеке каражаты (1,5 млн сомдон ашпашы керек);
  • саясий партиянын каражаты (100 млн сомдон ашпашы керек);
  • жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары (200 миң сомдон ашык эмес) жана юридикалык жактар ​​(3 миллион сомдон ашык эмес).

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясы

Партиянын сап башында аны жетектеген Айбек Маткеримов турат. Тизмекте экинчи болуп “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын лидери, учурдагы депутат Бакыт Төрөбаев катталган. Номер үчүнчү –  социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров, ал эми төртүнчү орунда Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун мурдагы орун басары Жамиля Исаева. Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов тизмекте бешинчи орунда.

Партиянын шайлоо фонду 22-ноябрга карата дээрлик 35 млн сомго жетип, бардык партиялардын шайлоо фондунан жогору болгон. “Ата Журт Кыргызстан” капчыгына түшкөн каражаттар тууралуу отчет берип, партиянын тарапташтары тарабынан ыктыярдуу кайрымдуулук катары которулганын көрсөткөн.  

Партиянын жетектеген Айбек Маткеримов 300 миң сом которгон. ММКлардагы маалыматка ылайык, ал 2015-жылдан тарта Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2019-жылдан тарта Жалал-Абад облусунун төрөт бөлүмүнүн координатору кызматын аркалаган.

Равшанбек Сабиров – тизмекте үчүнчү орунда. Ал ишкер жана президенттин мурдагы кеңешчиси. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Сабировдун наамына РУШАН ЛТД” Кыргыз-Сауд Арабия ЖЧКсы жана “Тутлис” ЖЧКсы катталган.  Сабиров партиянын шайлоо фондуна 590 миң сом которгон.

Мындан тышкары, Сабиров Низамидин Равшанбекович 468 миң сом жана Сабиров Нурдин Равшанбекович 168 миң сом которгон (болжол менен анын уулдары). 

 

Белгилей кетсек, алардын бири Низамидин Конституциялык мыйзамды бузуп, 468 миң сом которгон. Дегенибиз, жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу 200 миң сомдон ашпашы керек. Низамидин эки жолу фондго жалпысынан 468 миң сомго ар кандай суммадагы акча которгон. Бардыгы болуп Сабировдордун үй-бүлөсү партия эсебине 1 миллион 200 миң сом салган.

Исаева Джамиля –  тизмекте экинчи орунда, ал 500 миң сомун шайлоого жумшаган. 

Гүлсүнкан Жунушалиева – Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, тизмекте 16-орунда. 300 миң сом жардам көрсөткөн. 

Берадор Борбуев (Бек Борбиев) – 17-орунда. Талапкер өз каражатынан 254 миң сом жумшаган. Борбиев атактуу ырчы, буга чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеген. 

Эркебаев Шүкүрбек – тизмекте жумушсуз деп катталганына карабай, партия эсебине 500 миң сом сарптаган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Эркебаев “Республика-Ата Журт партиясынын жана “Тилегим-Кыргызстан” коомдук уюмунун негиздөөчүсү, ал тизмекте №29-орунда. 

Нургүл Усөйүнөва – Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты. Тизмеде 32-орунда. Партия фондуна 200 миң сом которгон. 

Жылдыз Садырбаева – БШК маалыматына ылайык “Эляй” ЖЧКсынын кадрлар бөлүмүнүн жөнөкөй инспектору болуп эмгектенет. Бирок партия эсебине 700 миң сом кошкон. Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Садырбаева “Фарма Мир” компаниясынын негиздөөчүсү

Чынберди ТолоновПрезиденттин жана Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы, Ош аэропортунун директорунун мурдагы орун басары. 2018-жылы фамилиясын атасынын фамилиясына алмаштырган, буга чейин Мамашарипов болгон. Фондго 500 миң сом салым кошкон. Тизмеде 37-орунда.

Фархад Бекманбетов – жеке каражатынан 300 миң сомдон айрылган Кыргыз мамлекеттик циркинин директору. Буга чейин “Ачекей Мобил” ЖЧКсынын жана “Арлес” ломбардын негиздеген. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Бекманбетовдун 2016-жылкы кирешеси 274 миң сомду, башкача айтканда айына болгону 22,8 миң сомду түзгөн. Ал Mazda 626, Toyota Mark II, BMW 318 жана эки Mercedes-Benz V үлгүсүндөгү унааларга ээлик кыларын көрсөткөн. Белгилей кетсек, 2016-жылы Бекманбетов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген. Тизмекте ал 38-орунда. 

Алишер Козуев  2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанган. “Россия Нефть” ЖЧКсынын негиздөөчү. Козуев партия эсебине 500 миң сом которгон, тизмекте №39-орунда.  

Шарийпа Молдалиева  Таш-Комур ооруканасында медайым болуп иштеген.  1998-жылдан бери ишкерлик менен алектенгени айтылганы менен Юстиция министрлигинин маалымат базасында анын наамына катталган компания табылган жок.  Фондго 500 миң сом которгон талапкер партия тизмесинде 40-орунда.

Нурсултан  Арстанбаев – Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу жана IT академиясынын директорунун орун басары. 200 миң сом сарптаган.

“Ишеним” партиясы

“Ишеним” партиясынын шайлоо фонду “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан кийинки эң ири фонд, жалпы жонунан 34.5 млн сомду түзөт. Фонддун негизги бөлүгү талапкерлер тарабынан жыйналган. Партия тизмегинде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин 11 депутаты бар.

Жанна Ильина – 26 жаштагы мамлекеттик кызамткер 300 миң сом сарптаган. 2020-жылы айрым ЖМКлар аны өкмөт аппаратынын санарип трансформациясынын эксперти деп белгилеген. 2018-жылы Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызматтар боюнча саясат боюнча адиси кызматын аркалаган. Тизмеде төртүнчү орунда.

Шабазов Бахридин – тизмекте 13-орунда, 500 миң сом которгон. БШКнын маалыматына ылайык, “БСК Капитал групп” ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Премьер отель” жана “По домам” аттуу компанияларын негиздеген. 

Алманбет Тагаев -тизмекте 22-орунда. Кочкор-Ата шаардык кеңешинин дептутаты фондго 1.5 млн сом которгон. Ал “Умар Кен” ЖЧКсынын негиздөөчүсү. 

Чолпон Султанбекова – БШКнын маалыматына ылайык жумушсуз. Бирок Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, беш компаниянын негиздөөчүсү. Алар  “Баява”,  “K and K”,  “Палван“, “Баяман Баатыр” жана “Соломон плюс” ЖЧКлары. Султанбекова тизмекте 24-орунда. 

Алимжан уулу Санжар – жумушсуз талапкер, тизмекте 29-орунда, 500 миң сом которгон. 

Мавлюда Калбердиева – 2010-жылга чейин «Акула Фарм» ЖЧКсынын директорунун орун басары кызматын аркалаган. Калбердиева партия эсебине 100 миң сомдук салымын кошкон, ал тизмеде 33-орунда.

Абдупата Маткаликов – жумушсуз талапкер, тизмекте 39-орунда. 150 миң сом которгон.  

Гулжамал Шаменова – БШКнын маалыматына ылайык жумушсуз. Бирок Юстиция министрлиги анын “Күназык” айыл чарба коммерциялык кооперативинин негиздөөчүсү экенинен кабар берет. Шаменова партиянын шайлоо фондуна 150 миң сом сарптаган. 

Рустамбек уулу Советбек – БШК талапкерди жумушсуз деп белгилегени менен Юстиция министрлигинин маалымат базасы “Ятань” ЖЧКсынын негиздөөчүсү экенин кабарлайт. Аталаган талапкер тизмекте 45-орунда, партия фондуна 1 млн сом которгон.  

Жакышов Русланбек 2018-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. Ал шайлоо фондуна 1 миллион сом которгон, тизмекте 54-орунда.

Factcheck.kg – независимая онлайн платформа, основной целью которой является проверка и опровержение недостоверной информации, манипуляции и пропаганды