Site icon Factcheck

(Кыргыз) Темирлан Султанбековдун түз эфирдеги калпы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук телерадиокомпанияны түз эфиринде парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын жаш өкүлдөрүнүн арасында дебаттар уланууда. 

16-сентябрь күнү болуп өткөн дебаттарда «Социал-демократтар», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Республика» жана «Ордо» партияларынын жаш талапкерлери катышты.

 Дебат учурунда «Социал-демократтардын» өкүлү  Темирлан Султанбеков төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү жасаган:

«Бишкек шаардык кеңешинин дээрлик бардык депутаттары — курулуш компанияларынын өкүлдөрү, ал жакка элден чыккан адамдар керек, социал-демократтар керек».

Мындан тышкары, алып баруучунун “шаар көйгөйүн бир гана шаардык кеңештин депуттары чечүүсү керекпи” деген суроосуна: “албетте,  алар ошон үчүн айлык алат”, деп так кесе айткан эле.  

Биз бул билдирүүлөрдү текшерип көрдүк.

Алгач Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына баш бактык. Шаардык кеңештин курманыда 5 партиядан шайланган 45 депутат кирет.  Алардын ичинен 2016-жылда өткөн шайлоодо КСДП өкүлдөрүнүн саны көп— 13 мандат. Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров да КСДП партиясынан шайланган. 

“24.kg” сайтындагы маалыматка ылайык, шаардык кеңештин 14 депутаты курулуш бизнесине түздөн-түз тиешеси бар.  

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын айлык алары тууралуу маалымат да чындыкка дал келген жок. Алар мыйзам чыгаруу иштери менен алектенбейт

Жыйынтык: жалган. 

  1. Бишкек шаардык кенешинин депуттарынын дээрлик бардыгы курулуш компанияларга тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт.
  2. Шаардык кеңештин депутаттары коомдук негизде иш алып барат жана айлык маяна албайт.
Exit mobile version