Site icon Factcheck

Жамиля Жаманбаева – жаңы акыйкатчы, бул кызматка дагы ким талапкерлигин көрсөткөн эле?

B5CE8B57-3117-4E3C-B1FD-F5BF59D41E58

Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева болду. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында кабыл алынды, бул чечимди 48 депутат колдоду. Жаңы акыйкатчынын талапкерлигин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн. Эскерте кетсек ушул эле фракция мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан болчу.

Бул кызматка Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун талапкерлиги да каралган болчу. Анын талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сунуштаган.

Билдирме: Акыйкатчы – кызмат адамдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугуна жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү, алардын бузулушу жөнүндө даттанууларды кабыл алган кызмат адамы. Кыргызстанда Акыйкатчынын ишмердүүлүгү төмөнкүлөрдү коргоого багытталган:

Акыйкатчы жарандардын өтүнүчү боюнча гана эмес өзүнүн демилгеси менен да парламентке кайрыла алат.

Factcheck.kg редакциясы тандоо канчалык деңгээлде акыйкаттуу болгонун аныкташ үчүн эки талапкер тууралуу маалыматтарды чогултуп чыкты.

Иш тажрыйбалары

Жамиля Жаманбаева мамлекеттик кызматта 23 жыл иштеген. Ал бир гана мамлекеттик органда – Башкы прокуратурада ар башка кызматтарды аркалаган. 2018-жылдан 2021-жылга чейин ал Башкы прокурордун орун басары болгон. Андан кийин пенсияга чыккан.

Бул кызматка Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков дагы ат салышкан.

Талапкерлердин бири сөз эркиндиги кысымга алынбай эле деген пикирде

17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов акыйкатчы кызматына талапкерлерге үч суроо берген:

Талапкерлердин жооптору:

Кыргызстанда ЖМКларга кысым байкалабы?

Жамиля Жаманбаева: “Менин пикиримде, сөз эркиндигине кысым жок. Мен ушинтип ойлойм. Эгер менин талапкерлигимди колдосоңор жана мен иштей баштасам, балким, оюмду өзгөртөттүрмүн”.

Бакыт Рысбеков: “Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү аракети бийлик тараптан гана эмес, калк тараптан да болуп жатат”.

Өлкөдө саясий тутукундар барбы?

Жамиля Жаманбаева: “Жок”.

Бакыт Рысбеков: “Соттун чечими чыкмайынча адамды күнөөлүү деп айта албайбыз, бирок тергөө иштеринде маселе бар. Биздин өлкөдө аны түп тамырынан өзгөртүш керек”.

Укук коргоо органдары жарандарга карата өз милдеттерин жакшы аткарып жатабы? Айрыкча камакка алуу учурунда жана андан кийин?

Жамиля Жаманбаева: “Укук коргоо органында гана эмес, ар бир мамлекеттик органда өз милдеттерин жакшы аткарбаган кызматкерлер бар”.

Бакыт Рысбеков: “Камакка алууда, алып келүүдө, камакта кармоодо укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузуулар, тилекке каршы, өтө көп. Укук коргоо органдарынын мындай мамилеси элдин бийликке карата мамилесине доо кетиргени өтө кейиштүү”.

Эскертек кетсек, Жамиля Жаманбаеванын алдында акыйкатчы болгон Атыр Абдрахматова кызматынан 3-майда четтетилген болчу. Мурдараак, 19-апрелде ал Кыргызстандагы 2022-жылдагы адам укуктары боюнча абал тууралуу доклад жасап, өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын билдирген болчу. Ошондо айрым депутаттар ага ишенбөөчүлүк билдирип, аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууну демилгелеп чыгышкан.

Тыянак: жаңы акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым жок, саясий туткундар жок жана бардык мамлекеттик органдарда өз милдеттерин жакшы аткарбаган кызматкерлер бар деген пикирде.

 

 

 

Exit mobile version