Лев Толстойдун Ислам тууралуу пикири жалганбы?

3 месяца назад
Factcheck
Factcheck в КР

Социалдык тармактын колдонуучулары ар дайым даанышман, пайдалуу ой-пикирлер менен бөлүшүп келет. Маалымат айрым учурда атактуу адамдарга таандык деп көрсөтүлгөнүнө карабай, анын алгачкы булагы көмүскөдө кала берет. Көпчүлүк колдонуучулар маалыматты текшербей туруп, аны менен бөлүшөт, ага ишеним көрсөтөт. Андыктан, мындай жагдай коомдун аң-сезими менен манипуляциялоого өбөлгө түзүшү толук ыктымал.  

Редакциябыз улуу жазуучу Лев Толстойго таандык делген Ислам тууралуу ой-толгоону текшерип көрүүнү чечти. Анда төмөндөгүдөй айтылган:

Ар бир акыл эстүү адам акыры Исламга токтолот.

Улуу жазуучуга бул сөздөр чын эле таандыкпы же жөн гана динди жайылтуу максатында бурмалаганганбы? Аныктап, талдап көрөлү. 

https://factcheck.kg/froala/uploads/cdb9c056b1aaeec1816dc76554172ccde1a320c5.jpeg

Цитатаны терип издөө салсак, Викиислам, «Почему Ислам», «Голос Ислама» деген сыяктуу көптөгөн  сайттар жана блогдор табылат.  Алардын биринде да маалыматтын алгачкы булагы көрсөтүлгөн эмес, бирок, Лев Толстой менен Елена Векилова аттуу айым тууралуу кеп козголот. Анда Елена Векилова мусулман адам менен турмуш куруп, анын уулдары да Исламды кабыл алары тууралуу Лев Толстойго кат жазганы, бул тууралуу Толстойдон кеп-кеңеш сураганы жөнүндө баяндалат. Ошондо жазуучунун Ислам, дегеле дин тууралуу пикири айтылат. 

Дал ушул катта биз издеген маалымат бар деп божомолдойбуз. 

Улуу жазуучунун чыгармачылыгына арналган tolstoy.ru аттуу сайттагы маалыматтан улам Толстойдун Векиловага чындап кат жазгандыгына ынанабыз. Аталган сайтта жазуучунун каты толук түрдө жарыяланган. Мындан тышкары, жазуучунун  баштапкы жөнөтүлбөгөн каттары мамлекеттик музейде сакталган  деп айтылат. Алар 1909-жылдын 13, 15 жана 17-мартына таандык. 

Векилова тууралуу маалымат сайтта баяндалган эмес (анын үй-бүлөсү, Толстойго кайрылуусунун себеби жөнүндө маалыматты kaspiy.az – сайтынан тапса болот -  Factcheck.kg). Айым 2- мартта Тифлистен жазуучуга жөнөткөн катында анын эки уулу бар экенин, бири Петербургда Технология институтунда, экинчиси — Москвадагы аскер окуу жайында билим аларын жазып, экөө тең православие дининен Исламга өтүүгө уруксат сураганын баяндайт.  

Алардын Исламды көздөй оошунун себеби жан-дүйнөсүнүн чакырыгынан улам эмес, татар элине көмөк көрсөтүү үчүн деп түшүндүргөн. "Татар эли менен аралашууга алар туткан диндин бөтөндүгү себепкер болууда", -  деп жазат Векилова. 

Ал эми Толстойдун Векиловага жооп ирээтинде жөнөткөн катында биз издеген цитата табылган эмес. Демек, ал ой-пикир бурмаланганбы? Жазуучу чындыгында эмне деп жооп берген? 

Лев Толстой дин тууралуу ой жүгүртүп, дин агымдарын салыштырып, жыйынтыгында Исламга алгачкы орунду берген. Себебин мындайча түшүндүргөн: «Байыркы диндер өзүнө кереметти жана түрдүү ишенимди көп камтыгандыктан, чындыкты жашырышы ыктымал. Алгач мындай көрүнүш брамин, андан азыраагы еврей, будда, конфуций, таосист, андан да аз кийинки диндерде -  христиан, жана акыркы динде, Исламда мындай көрүнүш эң аз болгон», деп билдирген ал. 

Андан соң, Ислам дини «эң жагымдуу шартта» экенин айткан. Ал үчүн аталган дин табигый эмес жактарын четке кагып, Мухаммед пайгамбардыни  (а.с.) негизги диний жана адеп-ахлактык окутуусун өзөгүнө камтыса, ал эң башкы диндер, анын ичинде христиан дини менен ширелет. Ошону менен ал акыркы чындык деп табылат.   

Ошентип, мусулман дини жазуучунун кызыгуусун арттырганына күбө болобуз. Ал катынын соңунда ислам дининин өзүнө жакын болгон эки агымы тууралуу айта кеткен. Алардын бири  —  Куран менен шариаттагы мыйзамдар алынып, бардык адамдардын укуктарын теңдеген бабизм:

Сизге жана уулдарыңызга маалымбы же жокпу, билбейм. Ислам дининде жогорку жана негизги чындыкты ырым-жырым жана жаңылыштыктан ажыраткан окутуулар бар. Алар буга чейин да, учурда да куугунттукка дуушар болуп келген. Алардын бири бабизм. Бул окуунун маңызы Кудайга сыйынуу эмес, бардык адамдарга болгон  бирдей сүйүүгө, аларды бир  тууган сыяктуу кабыл алууга үндөйт жана бир гана динди таанып, жалпы адамзатка болгон ишеним менен сүйүүнү арттырат.

Бул көз карашы үчүн бабисттер шеит-мусулмандар тарабынан катаал куугунттукка алынып,  алардын руханий лидери  Сейид Али Мухаммад Ширази жана анын жакын жолдоочусу Мырза Мухаммад Али Зунузи өлтүрүлгөн. 

Лев Толстойдун катын талдап көрүп, катта биз издеген ой жана ага шайшеш пикир табылбагандыктан, төмөнкү жыйынтыкка келдик.

Жыйынтык:

Лев Толстойго таандык делген ой-пикир– фейк. Ислам динин жайылууну көздөгөн көптөгөн сайттар окурманды манипуляцияып, Толстойдун сөзүн бурмалаган.