Site icon Factcheck

“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоордун бешинчи версиясы: жарандардын сунуштары эске алынбай, жаңы чектөөлөр киргизилген

imgt_1656402795

Президенттин администрациясы “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоордун бешинчи версиясын жумушчу топко сунуштады, бирок анда медиа чөйрөнүн сунуштары жана эскертүүлөрү эске алынбаптыр. Белгилей кетсек, анын мурдагы версиялары боюнча коомдо чоң нааразычылыктар жаралгандыктан мыйзам долбоордун ар бир беренесин талкуулоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн болчу.

Президенттин администрациясы документтин бешинчи версиясын бир ай даярдаган, бирок аны менен таанышып чыгууга медиа чөйрөгө эки күндүк гана убакыт берилген. Кактус Медиа редакциясынын журналисттери жаңы мыйзам долбооруна ылайык интернетте маалымат кантип жөнгө салынаарын изилдеп чыгышты.

Мыйзам долбоорунда интернет мейкиндиги үчүн маанилүү болгон кайсы нормалар сакталды?

Бардык сайттар медиа болуп саналат

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттары, онлайн ЖМКлар, веб-сайттар, интернет эмне деген аныктамалар менен берене бар. Аныктамалар жөнүндө кененирээк – спойлерде.

Спойлер

Алар ошондой эле каттоодон өткөн маалымат каражаты “аны каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана каттоо номерин көрсөтүүгө милдеттүү” деген норманы калтырышкан. Ошол эле учурда бул редакция тууралуу маалымат сайттын башкы бетине тиешелүүбү же социалдык тармактардагы ар бир билдирүүгө бүтүндөй сүйлөм кошулушу керекпи (Твиттерде муну кантип кылса болот? жана видеолор, мисалы TikTok же YouTube Shorts үчүн кыска видеолор) такталган эмес.

Де-факто – цензуранын киргизилиши

Юридикалык жактын ички иштерине мамлекеттин кийлигишүүсү

Соттук процесс аяктаганга чейин ишмердүүлүктү бөгөттөө

Мыйзам долбоорунун бешинчи вариантында кандай маанилүү өзгөртүүлөр пайда болду?

Электрондук маалымат каражаттары деген эмне?

Бир жыныстуу никелер жана адеп-ахлакка зыян келтирет деген фобиялар

Соттуулугу жоюлган адамдар шайлоого катыша алат, бирок “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, соттуулугу жоюлган адамдарга жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө тыюу салынат экен.

Дагы бир көзөмөл органы – Санариптик өнүктүрүү министрлиги пайда болду

Кошумча бюрократия

Кайра каттоо жөнүндө берененин редакциясы өзгөртүлдү. Эгерде юридикалык жак болсо, анда уюштуруучулардын курамын өзгөртүүдө кайра каттоо талап кылынат. Көрсө, юридикалык жактын да сайты болсо, анда ээсин же уюштуруучулардын курамын, аты-жөнүн өзгөртүүдө да кайра каттоодон өтүү керек болот экен. Бирок президенттин администрациясы “кайра каттоо процедурасы учурунда жалпыга маалымдоо каражатынын ишмердүүлүгү токтотулбайт” деп белгиледи.

Мамлекет өзүнүн жашоосун жеңилдетүүнү унуткан эмес

Каттоодон баш тартуу

Каттоодон өткөн маалымат каражаттары үчүн гана аккредитация берилет

Exit mobile version