Суваналиевдин тушунда кылмыштуулук болуп көрбөгөндөй өскөнбү?

20-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Өмүрбек Суваналиевдин бийликке умтулган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн көбөйүшү жана бийликтин аракетсиздиги тууралуу айткандыгына жооп катары билдирүү жасады. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “бир кезде Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министринин орун басары, андан кийин министр кызматын ээлеп турганда, уюшкан кылмыштуулук болуп көрбөгөндөй күч алган. Рыспек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүп, өлкөдө кылмыштуулук жогорулап, анын ичинде буйрутма менен өлтүрүүлөрдүн саны көбөйгөн” деп баса белгиледи.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерүүнү чечишти.

Кылмыштуулуктун өсүшү

Биринчиден, ​​Суваналиев кайсы жылдары Ички иштер министринин орун басары жана ИИМдин министри кызматтарын аркалагандыгын эске салабыз. Kabar.kg сайтынын маалыматына ылайык, Өмүрбек Суваналиев 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары кызматын ээлеп, 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болгон.

1990-2018-жылдарда катталган кылмыштар боюнча расмий статистикага ылайык, кылмыштуулук 1992-1996-жылдар аралыгында гүлдөгөн. Дал ушул жылдары өлкө боюнча жылына 42 миң кылмыш катталган. Революция жана революциядан кийинки мезгилдерде катталган кылмыштар боюнча статистика да кескин өстү.

 

2010-жылы “апрель революциясы” учурунда жылына 35 миң кылмышка чейин катталган. Ал эми 2004-жылдан бери бул көрсөткүч 33 миңден ашкан эмес.

2005-жылы Суваналиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары кызматын ээлеп турганда, катталган кылмыштардын саны жылына 33 миңге жеткен. Бирок ошол эле stat.kg сайтынын маалыматына ылайык, каракчылык жана уурулук фактыларынын саны башка кылмыштарга караганда көбүрөөк өскөн. Эске салсак, “жоогазын революциясында” көптөгөн талап-тоноо фактылары катталып, соода борборлору жана дүкөндөр тонолгон.

2006-2007-жылдары Суваналиев Ички иштер министри болуп турганда катталган кылмыштардын саны азайган.

 

Жыйынтык: ИИМ билдирүүсүндө фактылар бурмаланган, маалымат манипуляцияланган. 2005-жылы кылмыштуулуктун өсүшү Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиевдин начар иштегендиги менен эмес, “жоогазын революциясынан” кийинки массалык талап-тоноолор менен байланыштуу. 2010-жылдын статистикасы бул тенденцияны тастыктайт.

Буйрутма өлтүрүүлөрдүн санынын өсүшү

Өмүрбек Суваналиевдин тушунда “өлкөдө кылмыштуулук, анын ичинде буйрутма өлтүрүүлөрдүн саны көбөйгөн” деп айыптап, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган маалыматтарды берген жок. Бул айыптоолорду тастыктаган да, четке каккан да маалыматтарды ачык булактардан таба алган жокпуз.

Жыйынтык: маалымат Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан тастыкталган жок.

… Рыспек Акматбаев ЖК депутаттыгына талапкерлигин койду

Эске салсак, 2006-жылы 31-мартта Рыспек Акматбаев уюштурган митинг Ала-Тоо аянтында башталган. Митингдин жүрүшүндө криминалитет Кыргыз Республикасынын президентине Кыргыз Республикасынын премьер-министрин кызматтан кетирүү жана Рыспек Акматбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун калыбына келтирүү боюнча саясий талаптарын койгон. Президент Бакиев митингчилердин талаптарын аткарган. Ал аянтка чыгып, кримавторитетке депутаттыкка талапкерлигин коюуга уруксат берген.

2006-жылдын январь айында Биринчи май райондук соту Рыспек Акматбаевди шашылыш түрдө актаган. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевди Балыкчы аймагы боюнча КР ЖКнын депутаттыгына талапкер катары каттаган. Талапкер шайлоодо жеңип чыккан, бирок 2006-жылы 10-майда депутат болуп кызматка киришкенге чейин өлтүрүлгөн.

Жыйынтык: Рыспек Акматбаев Биринчи май райондук соту тарабынан толугу менен акталып чыккандан кийин парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал эми БШК  Бакиевдин макулдугу менен Акматбаевди талапкер катары каттаган.