Социалдык тармактарда бала бакчалардын биринде тарбиячы жаш баланы тумчуктурган видеотасма тарады. Окурманыбыз бул тасманы текшерүү өтүнүчү менен редакцияга кайрылды.
Factcheck.kg видеону текшерип, ал 2018-жылы Казакстанда тартылганын аныктады.
50 жаштагы тарбиячынын аты Умит Пирмаханова. Ал Темиртаудагы “Домик” бала бакчасында иштеген. Коомчулукта кызуу талкуу жараткан тасма 2018-жылы россиялык “Мужское/Женское” (“Первый канал”) телеберүүсүндө көрсөтүлгөн.
Учурда Кыргызстандын интернет айдыңында бул тасма кайрадан жайылды. Эске салсак, 2020-жылдын февраль айында ал биринчи ирет тараган эле. Анда дагы колдонуучулар тарбиячынын жазасын талап кылган.
2018-жылы Пирмахановага сот өкүмү чыгарылып, 120 саат түзөтүү жумуштары дайындалган, ошондой эле жабыркаган кыздын үй-бүлөсүнө 200 миң теңге (ошол кездеги курс боюнча 532 доллар) төлөнгөн.
Жыйынтык: Тасма 2018-жылы Казакстанда тартылган жана анын Кыргызстанга тиешеси жок.
