Site icon Factcheck

Жарганаттардан жуккан өлүмгө алып келген жаңы вируспу, бирок бул жолу Африкадан? Текшеребиз

34dce96b9980382c7f6c780c45759dc3

Бир нече күн мурун маалыматтык сайттарда жана Telegram-каналдарда Танзанияда табылган белгисиз инфекция тууралуу маалымат жарыяланган. “Илимге белгисиз инфекциялык оору Танзаниянын түндүк-батыш тарабында Уганда менен чектеш аймакта жайгашкан Букоба шаарында байкалган. Врачтар аны менен жети киши ооруп жатканын аныкташкан, кийин алардын бешөөсү каза болгон”, деп айтылат.

Оору тууралуу маалыматтын булактары катары Arab News агенттиги жана танзаниялык Citizen басылмасы аталган, акыркылар өз кезегинде Танзаниянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылышкан.

Factcheck.kg редакциясы маалыматты тактап чыкты.

Чынында эле, 16-март күнү кечинде Танзаниянын Саламаттык сактоо министрлиги белгисиз оору тууралуу эскертүү жарыялаган. Оору “жалпы жонунан жети кишиде аныкталган, анын белгилери – ысытма (безгек), кусуу, дененин ар кайсы мүчөлөрүнөн кан чыгышы, бөйрөк жетишсиздиги”.

Өкмөт инфекциялык ооруну изилдеш үчүн Уганда менен чектеш түндүк-батыштагы Кагера аймагына ыкчам топту жиберген. Оорунун булагын жана түрүн аныкташ үчүн бейтаптар жана каза болгондор изилдөөгө алынган.

Инфекцияны изилдеп, анын кандай оору экенин аныктаганга төрт күн кетти. 21-мартта Health Policy Watch сайтында жарыяланган макалада белгисиз вирус Эбола сыяктуу филовирус болоору, өтө жугуштуу Марбург вирусу экени айтылат.

Марбург жана Эбола – филовирустар, алар кан агууга, көп органдардын иштебей калуусуна алып келип, өлүмдүн жогорку көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.

БДСУнун маалыматтары боюнча:

Оору биринчи жолу 1967-жылы бир убакта Марбург менен Франкфуртта (Германия) жана Белградда (Сербия) чыкканда изилденген. Бул жерлерде оорунун чыгышына Угандадан алып келинген африкалык көк маймылдардын (Cercopithecus aethiops) лабораторияда колдонулушу себепчи болгон. Кийин бул оору менен ооругандар Анголада, Конго Демократия Республикасында, Кенияда, Угандада, Түштүк Африкада катталган. 2008-жылы Угандада бири-бири менен байланышы жок эки эпидемиялык учур катталган, экөөндө тең оору жарганаттар жашаган үңкүргө барып келгенден кийин пайда болгон.

Бирок Африка үчүн бул жаңы инфекция болуп эсептелбейт. Бул континенттин аймагында маал-маалы менен Эболага, Марбургга жана башка инфекцияларга байланыштуу оорулар чыгып турат. Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында Угандада Эбола безгегинин эпидемиясы катталган. Ал дээрлик төрт айга созулуп, 55 кишинин өмүрүн алып кеткен. Былтыр Танзанияда лептоспироз же «келемиш безгеги» катталып, түштүк-чыгыштагы Линди аймагында үч адам каза болгон.

Кызыгы, бир катар орусиялык маалыматтык булактар Танзания тууралуу жазып жатып, Роспотребнадзор 2-мартта эле АКШнын биолабораторияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы патогендердин жайлышынын тобокелдиги бар экенин айткан деп окурмандарын эскертишкен. Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Павлова ушундай лабораториялардын болушу алар жайгашкан өлкөнүн жарандарына гана эмес, башка өлкөлөр үчүн да коркунуч жаратаарын, инфекциялар чек араны билбестигин билдирген.

Тыянак: чындык. Танзанияда чынында эле белгисиз ооруну жуктуруп алгандар катталган. Алардын бешөөсү каза болгон. Бир нече күндөн кийин эксперттер аныктагандай, бул Марбургу вирусу болгон. Вирус 1967-жылы эле изилденген. Ага каршы дары-дермек азыркыга чейин жок болгону менен дарыгерлер анын жайылуу очогун локалдаштырууга үйрөнүшкөн, бул вируска байланыштуу өлүмдөрдүн санын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Exit mobile version