Site icon Factcheck

(Кыргыз) Саясатчылар сырдашкан Aryba.kg сайтына МЕДИАСЫН

коллаж

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда Aryba.kg сайтына интервью берип, парламенттик шайлоо таза өткөнүн билдирди. Ал бийлик тарабынан шайлоо участкаларына кысым жасалган болсо, отставкага кетерин кошумчалалды.

Ушул эле маегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууга тиешеси жок экенин айткан. 25-ноябрда дагы Жапаров дал ушул сайттын журналисти Асланбек Сартбаев менен маектешип, Текебаевдин теледебат учурунда сүйлөгөн сөзүн сынга алган. Жапаров Текебаевдин Кумтөрду улутташтыруу тууралуу айтканына жооп кайтарып, Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген жана “Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат” деген комментарий берген. 

Эки учурда тең өлкө башсчысы экслюзивдүү маегин Aryba.kg сайтынын журналисти менен курган.

Мындан улам медиа-эксперт Гүлнура Торалиева Facebook баракчасында бул сайт тууралуу суроо узаткан.

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында Aryba.kg сайтына саресеп салып көрдү.

Контент

Кыргыз тилдүү Aryba.kg сайты төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

“Саясат” рубрикасында жайгаштырылган материалдар көбүн эсе автордун жеке божомолу, пикири менен коштолуп, суроо иретинде берилет. Мындан тышкары, макалаларда Журналисттик этиканынын 10 жана 17-беренелеринин бузулушуна жол берилген.

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. Этикалык кодекс, 10 -берене.

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.  Этикалык кодекс, 17-берене.

 

Белгилей кетсек, материалдарда  манипуляциянын жана пропаганданын ыкмалары байма-бай колдонулат. Алардын арасынан эң кеңири тарагандар төмөнкүлөр:

Макалалардын көбүнүн алдында “Азия Ньюс” гезити алгачкы булак катары көрсөтүлөт.

“Коом” бөлүмүндө жергиликтүү жана эл аралык жаңылыктар жарыяланган. “Коом” жана “экономика” рубрикаларында даярдалган макалаларда автордун жеке пикири таңууланбаганын көрсө болот.

“Шоу бизнес” жаңылыктары үчүн атайын бөлүм каралган.

“Кылмыш” рубрикасында Aryba сайтынын журналисттери жергиликтүү жана эл аралык кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жарыялап турат.

Сайт

Aryba.kg сайты 2020-жылдын июль айында  “Учур” гезитинин редакциясына катталган.

OsOO.kg маалыматына ылайык “Учур” редакциясы 2004-жылы каттоодон өткөн. Жоопкерчилиги чектелген коомдун  негиздөөчүсү Садыр Жапаровдон интервью алган журналист Асланбек Сартбаев.

Асланбек Сартбаев деген ким?

Асланбек Сартбаев “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору. Анын ысымы жана “Азия Ньюс” гезити бир нече чуулгандуу окуяда айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Сартбаев Facebook баракчасына ошол кездеги Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевдин сүрөтүн жүктөп, ага карата негативдүү комментарий калтырган.

Бул коомчулукта сынга алынып, УКМК Сартбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгонун билдирген. 

Ал эми өткөн жылдын башында Асланбек Сартбаев мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине айтылган сын макалаларга байланыштуу Аскердик прокуратурасына суракка чакырылган. Журналист эки сааттан ашык суракка алынган.

Мындан тышкары, Сартбаев айтылуу алып баруучу Ассоль Молдокматованын сынына кабылган. 2020-жылдын июль айында Молдокматова журналистти фейк маалымат таратууда деп айыптап, жоопко тартылышын талап кылган.

Кесиптик этиканы одоно бузуу 

2017-жылдын январь айында Асланбек Сартбаев ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов тарабынан ур-токмокко алынганын билдирген. Бирок бир нече убактан соң ал социалдык тармактагы билдирүүсүн өчүргөн. Ал эми Курсан Асанов ММКлардын үстүнөн даттанууларды караган комиссияга кайрылып, анын абийирине шек келтирген карикатурага баа берүүсүн өтүнгөн. Карикатура колдонулган макала “Азия Ньюс” гезитинде 2017-жылдын 19-январында жарыяланган. Комиссия журналист Этикалык кодекстин 10 жана 17-беренесин бузган деп бүтүм чыгарган.

Ошол эле жылдын январь айында комиссияга Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева да арыз калтырган. Эл өкүлү гезиттин карикатурасына нааразычылыгын билдирип, мындай иллюстрациялар редакция тарабынан системдүү түрдө колдонуларын билдирген. Комиссия Исаеванын арызын жана макаланы карап чыгып, “Азия Ньюс” гезити  Этикалык кодекстин 9-беренесин бузганын аныктаган.

Ал эми 2018-жылы Комиссияга  “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кайрылган. Рысалиев  “Азия Ньюс” гезитине чыккан макаладагы маалыматты төгүндөп, редакциянын кечирим суроосун талап кылган.

 

ММКлардын үстүнөн арыздарды караган комиссия редакция тарабынан Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 8,9,17 жана 22- беренелери бузулгандыгын аныктаган.

Расмий эмес билдирүүлөр үчүн аянтча 

Эске салсак, буга чейин “Азия Ньюс” гезитине мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков дагы кеңири интервью берген. Маек Aryba.kg сайтына да жайгаштырылган.

Ал эми 2019-жылдын декабрь айында  “Азия Ньюс” менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов маектешкен.

Матраимов бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөлөргө комментарий берип, маалымат каражаттары аны каралап атканын айткан.

Жыйынтык:  Aryba.kg сайты “Учур” гезитинин редакциясына катталган. Редакциянын директору жана негиздөөчүсү Асланбек Сартбаев “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенет. Журналисттин ысымы буга чейин бир нече чуулгандуу окуяда айтылган. “Азия Ньюс” гезити жана Aryba.kg сайты кесиптик этиканы системдүү түрдө бузуп, макалаларында манипуляция ыкмаларын байма-бай колдонуп келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Exit mobile version