Облус арасындагы миграция тууралуу маалымат ачык булактарда жок.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы тышкы миграция көрсөткүчү 6160 адамды түзгөн. Бирок бул көрсөткүч өлкөнү биротоло таштап кеткен жарандарга гана тиешелүү. 6160 адамдын ичинен 315и Баткен облусунан. Ош жана Чүй облустарында аталган көрсөткүч жогору экенин байкаса болот.
Жыйынтык: далилдөө мүмкүн эмес. Мадумаров айтып өткөн статистика ачык булактарда жок.