Site icon Factcheck

Партиялардын шайлоо фондун толтурган жумушсуздар жана мамлекеттик кызматкерлер. Иликтөө

Шайлоого аттанган саясий партиялардын капчыгы калың болуусу керектиги айдан ачык. Себеби шайлоо өнөктүгүнө сарпталган чыгымдар миллиондоп саналат. 

Массалык маалымат каражаттарына жарнама жайгаштырууга, баннерлерге, үгүт иштерине бир топ каражат керектелет. 

Партиянын капчыгы канчалык калың болсо, ошончолук эл оозуна көп алынат эмеспи. 

Factcheck.kg саясий партиялардын шайлоо фонддору эмненин эсебинен толорун иликтеди.

Бүгүнкү күндө саясий партиянын фондунун суммасы гана көзөмөлгө алынат. Мыйзамга ылайык, кандидаттар же жеке жактар саясий партиянын фондуна өзүнүн капчыгынан парламенттик шайлоо учурунда 200 миң сомго чейин, ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда 100 миң сомдон ашпаган каражатты гана төгө алат.

Бирок, бул сумманы кимдер төгүп атканын эч ким эч убакта текшербейт. Эң кызыгы, фондго акча салгандардын бардыгы белгилүү бир сумманы, тагыраагы шурудай тизип койгон сымал, 100 миң сомду төгүшөт. 11-апрелде өткөн шайлоо учурунда дагы бул көрүнүш ташка тамга баскандай көзгө илинди.

Factcheck.kg шайлоодо жеңип чыккан жана капчыгы калың болгон  “Эмгек”, “Ак-Бата” жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын (КЭДП) шайлоо фонддорун текшерип, бул партиялардын капчыгын жумушсуздар жана айлыгы аз кызматта иштегендер толтурганын аныктады. 

“Эмгек” саясий партиясынын фонду тууралуу бул жерден окуңуз. 

Жумушсуздар менен мамлекеттик кызматкерлер 

“Ак-Бата” партиясынын шайлоо фонду “Эмгектен” кийин экинчи орунду ээлеп, 12.3 миллион сомду түзгөн. Партиянын 46 талапкеринин фондго которгон каражаты 4.56 миллион сомдон ашкан. Мындан тышкары, 71 адам өз ыктыяры менен партиянын эсебине 7 миллион сомдон ашуун акча которгон. Бардыгы болуп, 117 адам куюп койгондой 100 миң сомдон “өз капчыгынан” бергенин БШК маалымдайт. 

Чынында кандидаттардын арасынан партия эсебине каражат которууга дарамети жеткен ар кандай компания ээлерин көрсө болот. Бирок, талапкерлердин ичинен башка 13 адам жумушсуз болгонуна карабай, 100 миң сом ашык каражаттары бар экен.  

Мындан тышкары, бир нече кандидат айлыкка иштерин көрө алдык: 

Ал эми БШКнын сайтында партиянын эсебине каражат которду делген үч кандидаттын аты-жөнү партиянын тизмегинен такыр табылган жок.

Бардыгы болуп, 23 талапкердин фондго которгон 2.3 миллион сому суроо жаратат.

КЭДП фонду

КЭДПнын шайлоо фонду 8 млн сомду түзгөн. Анын үчтөн бири же 2.8 миллион сому кандидаттардын капчыгынын эсебинен толгон.

Мындан тышкары:

100 миң сомдон төккөн. 

***

Кандидаттардын тизмеги да суроо жаратты. Тагыраагы, тизмектин сап башында фондго каражат которгондордун айрымы гана киргизилген. Ал эми кандидаттарды көбү тизмекте 50, 60, 90-болгонуна карабай, 100 миң сомдон которгону күмөн жаратат. Эске салсак, шаардык кеңеште 45 гана мандат каралган.

 

Exit mobile version