Бул маалыматты тастыктоо үчүн биз ИДП көрсөткүчү боюнча эң алдыңкы 20 өлкөнү текшерип көрдүк. Алардын ичинен он экиси парламенттик башкаруу, экөө президенттик башкаруу, ал эми бешөөндө монархиялык башкаруу экени белгилүү болду:
Австралия – парламентик
Австрия – парламенттик
Бельгия – парламенттик
Дания – парламенттик
Ирландия – президенттик
Исландия – парламенттик
Канада – парламенттик
Катар – монархия
Кувейт – монархия
Лихтенштейн – монархия
Люксембург – парламенттик
Монако – монархия
Нидерланды – парламенттик
Норвегия – монархия
Сан-Марино – парламенттик
Сингапур – парламенттик
Соединенные Штаты Америки – президенттик
Финляндия – парламенттик
Швейцария – элдик башкаруу
Швеция – парламенттик
Эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган Швейцарияны эл башкарат. Швейцарияда маанилүү чечимдер референдум аркылуу кабыл алынат.
Өнүккөн өлкөлөрдү ар түрдүү критерий аркылуу баалап жүрүшөт. Анын ичинен ири экономика, G-20 жана башка критерийлер бар. Чынында өнүккөн мамлекеттердин көбүндө парламенттик башкаруу экени белгилүү. Бирок өлкө өнүгүшү түздөн-түз мамлекеттик башкаруудан көз каранды экенин тастыктоочу изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.
Жыйынтык: жартылай чындык.
