(Кыргыз) Чек ара чырына байланыштуу фейктер тарады. Фактчек

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Социалдык тармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы чырга тиешеси жок ар түрдүү сүрөттөр таркап жатат. Биз алардын айрымдарын текшерип көрүп, фейк экенин аныктадык.

Биринчи сүрөт: Төмөндөгү сүрөт Тажикстандын “Ворух Ньюс” деп аталган “Инстаграм” баракчасында жарыяланып, интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышты. Маалыматта Кыргызстандын Баткен районундагы айылдарынын бири өрттөнүп жатканы айтылат.

Сүрөттү Google аркылуу издөө салсак, кытайлык бир канча маалымат булактары жазып чыкканына күбө болобуз.

Сүрөттүн оргиналы 2021-жылдын 15-февралында интернетке жарыяланган.  Маалыматка караганда, өрт Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Юньнань провинциясынын Вендинг айылында болгон.

Экинчи сүрөт: Орусиянын айрым басылмалары Тажикстандын аймагына бир катар артиллериялык соккудан кийин тажик тараптын куралдуу күчтөрү Орусия белек кылган согуштук тик учактарды Кыргызстан менен чектешкен аймакка жиберген деп маалымат тараткан.

Сүрөттө сөз болуп жаткан тик учак Орусияга таандык —  kamov ka-52 alligator 98 учагы. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети комментарий тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен гана Баткен районундагы Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарын аткылаганын билдирди. Ал төмөнкү тик учак экенин көрүүгө болот.

Видеоплеер

Үчүнчү сүрөт: 29-апрелде айрым кыргызстандык басылмалар ушул сүрөттү таркатты. Анда Тажикстан тараптан ок атуу күчөп жатканы айтылган.

Сүрөттү Google аркылуу издөө салдык. Тартым 2019-жылы интернет желесине тараганы белгилүү болду.

Бул окуя 2019-жылдын 6-ноябрында жүз берген. Куралчан 20 адам Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдөн 60 чакырым аралыкта жайгашкан «Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» тозотуна кол салган. 

Жыйынтык: Социалдык тармактардын кээ бир колдонуучулары жана айрым басылмалар жаңжалды өз пайдасына колдонуп, фейк сүрөттөрдү таратууда.

Булак: T media