Кыргыз медиасында майыптык темасын чагылдыруудагы жумшак кастык тили

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны, жылдан жылга өсүп жатат. Өлкөбүздө 2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы бар 198 миңге жакын адам катталган. Бул калктын жалпы санынын 3% түзгөн. Ал эми жакында эле 19-сентябрда Бишкекте өткөн Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүнкү күндө өлкөдө майыптыгы бар 211 миң адам жашай турганын билдирген.

Кыргыз медиалары өлкөдөгү көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөн чоң күч болуп эсептелет. Ошондуктан, адамдар көйгөйлөрүнүн чечилишин үмүт кылып журналисттерге көп кайрылышат.

Өлкөбүздүн медиалары майыптыгы бар адамдардын абалын, көйгөйлөрүн кандай чагылдырып жатканын билүү максатында акыркы сегиз айда (жылдын башынан тартып сентябрдын ортосуна чейин) кыргыз сайттарында жарыяланган материалдарды талдап чыктым.

Медиаларды тандоодо сайттардын метрикасын көрсөткөн кыргызстандык Net.kg кызматынын маалыматына таяндым.

Бул кызматка өлкөбүздөгү бардык сайттар катталбашы мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, өлкөбүздө ушуга окшош башка кызматтар жок, жана да бул кызматтагы сайттардын арасында элдин оозуна алынган көп сайттарды кезиктирсе болоорун байкасак болот.

Мен материалдарды эң көп окулган кыргыз тилдүү сайттар катары Turmush, Super.kg, “Кабар” КУМА, Serep.kg, Aryba сайттарын тандап алдым.

Биринчи байкалган нерсе – “ден соолугунун мүмкүнчулүгү чектелген” жана “майыптыгы бар адам” деген аныктамалардын тең колдонулушу. Тил адамдын жүрүш-турушуна, башкаларга карата мамилесине катуу таасир этет. Күнүмдүк жашоодо кеңири колдонулган айрым сөздөр адамга катуу тийиши мүмкүн. Бул коомдун аялуу топтору, ошол эле майыптыгы бар адамдар тууралуу сөз болуп жатканда өзгөчө мааниге ээ.

Адамды “майып” деп атоо айрымдарга катуу тийиши мүмкүн. Ошондуктан бир кезде майыптыгы бар адамды “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” деп атоо сунушталып келген. Бирок майыптык боюнча адистер “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” деген терминди колдонуу туура эмес деген пикирин билдиришкен. Мисалы майыптыгы жок адамдын башы катуу ооруп атса, анын ден соолугунун абалы мүмкүнчүлүгүн чектеп коет. Бирок анын майыптыгы бар деп атабайбыз да. Убактылуу ооруп айыгып кетет. Ал эми майыптыгы бар адам оорулуу эмес. Андыктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген деп эсептелбейт. Адамды көп учурда адамдын өзгөчөлүгү эмес, инфраструктуранын жоктугу, же начардыгы чектейт.

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам – бул туура эмес, анткени майыптык дайыма эле физикалык ден соолук менен гана байланышта боло бербейт», — дейт жарандык активист Үкөй Мураталиева.

Ошондуктан майыптыгы бар адамды “мүмкүнчүлүгү чектелген адам” деп атоо басмырлоо катары сезилет. Муну “Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга” колдонмосуна ылайык, жумшак кастык тили катары бааласа болот (“Аялуу топтун атын кемсинтүү менен эске алуу”).

2018-жылдардан тартып “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” дегендин ордуна “майыптыгы бар” аталышты колдонуу сунушталып, медиалар аны колдоно башташкан. Бирок учурга чейин медиалар дагы эле эски терминди кеңири колдонуп келери байкалды.

Жогоруда келтирилген графикте байкалгандай, дагы деле “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” деген термин көбүрөөк колдонулуп келет. Айрым медиаларда, мисалы, Turmush сайтында бул термин материалдардын аталышында кенири колдонулат:

Москва районунда Комуз күнү белгиленип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар күү чертишти

Социалдык келишим: Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Улан 100 000 сомго асыл тукум уй сатып алган

Москва районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 11 бала паспорт алышат

Москва районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Балдарды коргоо күнүн салтанаттуу белгилешти

Кызыгы, графикте көрүнүп тургандай, бир эле макалада эки терминдин бирдей колдонулушу да кезигет.

Байкалган дагы бир жагдай – көп адамдарда оору, азап менен байланыштырылып, терс сезимдерди пайда кылышы ыктымал “Майып” деген сөз журналисттердин материалдарында кезиккен учурлар бар:

“…Ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, алар 13 миң 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт…”

“…көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ата-энеси майып балдар…”

“…эл аралык форумунда майыптардын укуктарын камсыз кылуу боюнча…”

“…Аял майып күйөөсү менен бизнесин бир уйдан баштаган”

“…Дагы бир коляскада отурган майып киши кайрылды…”

“…Андан кийин пенсионерлерге, майыптарга…”

“«2-топтогу майып». Чүйдө Курманбек Кадыркулов дайынсыз болуп жатат”

“Укук коргоочу Түптө үч майып кыз зордукталганын жазып чыкты”

“«Үйгө келип азык-түлүк, кийим-кече таштап кеткендер болуп жатат» дейт 4 майыпты баккан ата”

“«Майып күйөөм майып мени бала менен таштап кетти» дейт арабада өмүрү өткөн ырчы” ж.б.

Бул көрүнүштү журналисттердин тийиштүү окутуулар менен жакшы камтылбастыгы менен түшүндүрсө болот. Анткени талдоого алынган материалдын биринде да майыптыгы бар адамдарга карата терс маанайдагы мамиле байкалбады. Тескерисинче, журналисттер үчүн бул аялуу тема болуп, аны терең чагылдырганга батынбагандай сезим калды. Майыптыгы бар адамдарга байланыштуу материалдардын басымдуу бөлүгү жаңылыктар болгону буга кандайдыр бир деңгээлде далил болушу мүмкүн. Анткени темага терең сүңгүбөй, расмий маалыматтарга таянып материалды жаратып коюу жеңил, туура эмес чагылдырып алуу ыктымалдыгы аз.

Кенен материалдын дээрлик бардыгы, негизинен, майыптыгы бар каармандын оор тагдырына арналып, алар каармандын айткандары менен гана чектелет. Биринчи орунга каармандын инсандыгын ачып берүү эмес, ага карата аёо сезимин жаратуу максат кылынат.

Мисал катары https://serep.kg/ сайтында жарыяланган Super TV каналынын “«Майып күйөөм майып мени бала менен таштап кетти» дейт арабада өмүрү өткөн ырчы” деген аталыштагы видео материалды алсак. Ал полиомиелиттен улам өмүр бою майыптар арабасында отуруп калган 42 жаштагы ырчы Гүлбарчын Исаева тууралуу. Журналист анын чыгармачылык бейнесин ачып берүүгө аракет кылганы менен жалпысынан материал каарманды аяганга, ага жардам берүүгө үндөгөндөй сезим калтырат. Материалдын соңунда берүүнү каалагандар үчүн номердин калтырылышы бул тыянакты тастыктайт.

Майыптыгы бар кызды багып келген эне тууралуу Super.kg сайтынын “Дамира Ишиева, 38 жашта: «Балдар үйүнө таштаган кызымды чыгарганы жатышат, алпарчу жерим жок»” деген материалы да ушул таризде сунушталат.

Майыптык темасын чагылдырууда майыптыгын эмес, адамдын өзүн биринчи орунга коюу өтө маанилүү.

Бардык эле журналисттерге майыптык темасын чагылдыруу боюнча атайын окутууларга катышуу мумкүнчүлүгу болбошу мүмкүн. Мындайда онлайн курстар кесипкөйлүгүн арттырууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. “Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулун” журналисттер, блогерлер жана башка кызыккандар өз алдынча өтсө болот. Бул окуу модулу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.