(Кыргыз) Электоратты жалган цифралар менен алдоо. 3-Бөлүм

(Кыргыз) FactCheck KG экономикалык жаңылыктарды кантип текшерүү керек экендиги тууралуу материалдардын сериясын даярдады

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Мамлекеттик кызматтар маалыматтарды берип жатканда кээде жалган же көбөйтүлгөн цифраларды беришет. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшү бул майда жаңылыштык эмес. Чиновниктер мындай маалыматтарды кандайдыр бир конкреттүү максаттарда, көбүнчө электоратына жагынуу үчүн атайлап бериши мүмкүн.

Эмнеге мындай кылышат? Анткени, адамдар цифраларга ишенет. Бул туура. Бирок, алданып калбоо үчүн мындай цифралар коштогон маалыматтарды өзүбүз чын/жалганын текшерип алганды үйрөнүшүбүз керек.

Биз цифралардын алмаштырылышы боюнча төрт учурду жана маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүктөрүн айтып беребиз.
4-Бөлүк. Депутат каржы секторунда олуттуу проблемалар тууралуу билдирүү жасады.

«Кыргызстан ФАТФнын «кара» тизмесине кирген. Өлкөнүн дүйнөлүк каржы рыногуна жолу жабылды» …. Мындай коркунуч бар, бирок азырынча мындай болгон жок.

Изилдөө объектиси

31-майда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Марлен Маматалиев мыйзамсыз жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу менен күрөшүү маселесин көтөрдү.

Парламенттин маалымат кызматы бул боюнча төмөндөгүдөй билдирүү жасады:
Депутат Марлен Маматалиев ФАТФнын кара тизмесинен чыгуу үчүн шашылыш чара көрүүнү сунуштап жатат. «2012-жылы биз бул кара тизмеден чыкканбыз, эми кайра киргизишти», — деди ал.

Маалымат үчүн: 
Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу менен күрөшүүдө биздин өлкө башка мамлекеттер менен биргеликте ФАТФ эл аралык уюму тарабынан иштелип чыккан 40 сунуш-талаптарды аткарышы керек. Бул сунуштар — кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы натыйжалуу эрежелердин жыйындысы. Аларды аткарууга дүйнөнүн 180 өлкөсү, анын ичинде Кыргызстан дагы милдетүү деп таанылган.

Сунуш-талаптарды мамлекеттер канчалык мыкты аткарат, ал өлкөлөрдүн дүйнөлүк каржы рыногундагы аброюнан көз каранды. Канчалык мыкты аткарса, анда ал өлкө менен банк структуралары жана башка инвесторлор дагы иштешкилери келет. Тескерисинче боло турган болсо, албетте мындай өлкөлөр «боз» же «кара» тизмеге киргизилип, алар менен банктар кызматташтык тууралуу келишимдерди түзбөйт жана бул мамлекеттер каржы рыногунун сыртында калат.

Кыргызстан ФАТФнын «боз» тизмесинде 2011-2014-жылдары болгон. Бул албетте, өлкөнүн өнүгүүсүнө дагы чоң тоскоолдукту жаратат.

Ыкма
Биринчиден, депутаттын «биз кайрадан бул «кара» тизмеге киргизилдик» деген билдирүүсүн текшерүү керек. Парламенттин жыйынында катышкан башка журналисттер тараткан маалыматтарды — Азаттык, Tazabek, 24.kg, КТРК, Kaktus.kg, АКИpress жана башка бир катар ЖМКлардан түз алып көрсөтүүлөрдү карасак, депутат Марлен Маматалиев такыр башка сөздөрдү айткан.

Бизнес-басылма Tazabek депутаттын сөзүнө бүтүндөй цитата келтирген:
ЖК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫНЫН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ. 2012-2015-жылдарда чараларды көрүп тизмеден араң чыкканбыз. Бул биздин өлкө үчүн абдан терс көрүнүш. Мамлекеттин имиджи башкалардын алдында түшүп жатат, премьер жана вице-премьерлер тийиштүү чараларды көрүп күнөөлүүлөрдү таап, мындан ары мындай нерселерге жол бербеш керек. ЖК дагы бир ай иштейт, силер тийиштүү мыйзам киргизүүгө жетишесиңер», — деген ал.

Демек, Марлен Маматалиев Кыргызстан ФАТФ «кара» тизмесине кайра киргизилди деп айткан эмес, болгону ушундай коркунуч бар экендигин кыйыткан.

Экинчиден, ФАТФнын расмий сайтынан «боз» жана «кара» тизмелерди текшерип көргөндө, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу кепилдиги жогору мамлекеттердин катарында КЭДР, Эфиопия, Иран, Ирак, Сербия, Шри-Ланка, Сирия, Тринидад и Тобаго, Тунис, Вануату, Йемен өлкөлөрү турат.
Кыргызстан бул тизмеде жок.

Үчүнчүдөн, бул маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органга — Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматына кайрылабыз.

Бул мекеме бир нече күн жооп издеп, жыйынтыгында Кыргызстан ФАТФнын тизмесинде жок экендигин тастыктады. Ошол эле учурда, Кыгызстан ФАТФнын сунуш-талаптарын аткаруу жана каржы махинацияларына жол бербөөчү өлкөнүн статусун сактап калуу максатында бир жыл ичинде бир катар ченемдик-укуктук актыларды даярдоосу керектигин билдирди.

Бүтүм
Кыргызстан ФАТФнын тизмесинде бар же жогун жарым саатка жетпеген убакытта текшерүүгө болот. Бул үчүн башка ЖМКлардан ушул маалыматты издөө же ФАТФнын расмий сайтынан текшерүү жетиштүү.