(Кыргыз) Көө жабуу аркылуу жаңылык даярдоо. «Жаңы Ордо» гезитинин макаласына медиасын

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

2019-жылдын 6-сентябрында «Жаңы Ордо» гезитине «Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» аттуу макала жарык көргөн.

Макала журналисттик стандарттарга канчалык деңгээлде жооп бере алат жана аны даярдоодо  кайсы мыйзам ченемдер бузулган?  Factcheck.kg «Медиасын» рубрикасынын алкагында талдап көрдү.

Баштема

Баштема «Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?» аталып, суроо ирээтинде берилген.

Журналисттер көп учурда өз пикирин суроого салып, аны окуган адам өз алдынча тыянакка келишине шарт түзөт. Бул ыкманын массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулушунун себеби, автордун менчик пикири суроо эмес, ырастоо ирээтинде айтылса, сынга кабылган жаран журналистти жоопко тартып, өз беделин коргоо үчүн сотко чейин барышы ыктымал.

Ошол эле учурда, каарман Шаршенбек Абдыкеримовдун «канатынын кайрылышына» шек саноо провокацияга жатат.

Мазмуну

Макаланын мазмунунда такталбаган маалымат орун алып, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексининин беренелеринин бузулушуна алып келген.

10- берене. Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

«Чындыгында Шакинин абалы күн сайын оорлоп баратат»

«Бул олигарх Атамбаевдин кошелегу болуп келгени жашыруун эмес»

«Атамбаев резиденцияда үй куруп, досторум каржылады деп табышмактаганда, ага жардам бергендердин бири Шаки болгонун тактап чыкканбыз». Аталган сүйлөмдөрдөгү автордун пикирлери фактылар менен ырасталган эмес.

Автордун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Москвага карай бет алганда, учакка кеткен чыгымды жапкандардын бири макала каарманы болгон. Бул маалыматтын булагы катары ал атайын кызматты белгилейт. Ошол эле учурда, УКМК расмий түрдө автордун божомолун тастыктабаганын эске алуубуз зарыл. Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаев пайдаланган учакты россиялык жогорку кызматтагы чиновниктер колдонорун Factcheck.kg  буга чейин ачык булактардан ырастаган.

8-берене. Журналист кандай гана жагдай болбосун, билип туруп, жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоп-түзөөгө милдеттүү. 

17-берене. Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. 

Макалада журналисттин сынына кабылган каармандын пикири камтылган эмес жана аны менен байланышуу аракети автор тарабынан көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары, автор өз ишинде «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) аттуу манипуляция ыкмасын колдонгон. Аталаган ыкма аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү («АШАнын кошелегу», «спонсор») алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер. 

Жыйынтык:

  1. Макалада Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 8, 10, 17 беренелери бузулган.
  2. Манипуляциянын «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) аттуу ыкмасы колдонулган.