(Кыргыз) МЕДИАСЫН: Жеке пикирди таңулоо аркылуу макала даярдоо

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

 

10-октябрда «Кабар Инфо» гезитинде «»Элчи болдум» деп элирген чалдын калпы чыкты» аттуу макала жарык көрдү.

Анда сасятчы Азимбек Бекназаровдун басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү тууралуу кеп болуп, ага автор табарынан баа берилет. Макалада Этикалык кодекстин беренелери одоно бузулуп, манипуляция ыкмасы колдонулган.

«Бул адам эмне кыйраткан эмгеги менен элдин эсине калды? Балп этип, эсине келе калган кезде чулдуруктап чыга калат».

Автор макаласында каармандын ишине баа берип, ага кайрылуу жасаганга да жетишкен.

 «Жогоруда айткан кебин карасаң, президент тим эле чөгөлөп жибере жаздаптыр го чиркин…», «Сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз деген имиш президент…Жумуштун баары сизден калбады беле, жолдош “Бульдозер мырза”!»

Макалада каарманды кемсинтип, анын кадыр-баркына шек келтирүү аракетти байкалат. Мыйзамга ылайык, журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү экенин эске салсак.

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзам, 7-берене.

«Чөгөлөп жибере жаздаптыр», «жумушсуз жүрөсүз деген имиш» деген сөз айкалыштарында автордун пикири факт катары берилет. Журналисттик макала даярдоодо фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл экенин белгилейбиз.

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене. 

Жогоруда айтылган ченемдер бир гана эмес, бир нече ирет бузулган:

«Мен 5 президент менен иштешкем деп төш каккан адам. Ошол 5 президент келип кеткенче мээң деле кургап бүттүбылжырабай үйүңдө жатчы деген киши жок буга».

Кыргызстанда Бекназаровдон башка акылы бар киши жок немече «бааланайын» деген экен курган чалШайлоодон үмүт артып жатса керек уялбай».

Жогорудагы сөздөр жана сөз айкалыштары аркылуу автор «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) аттуу манипуляция ыкмасын пайдаланат. Бул ыкма аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү («курган чал», «бааланайын деген», «Бульдозер мырза») алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер.

Мындан тышкары, макалада журналисттин сынына кабылган адамдын пикири тең салмакта берилген эмес. Автордун пикири макаланын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, жалаң сын менен коштолот. Жыйынтыгында, журналистиканын алгачкы талабынын бири – тең салмактуулук сакталбай калган.

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.

Жыйынтык:

  1. Макалада Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10, 17 беренелери бузулган.
  2. Манипуляциянын «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) аттуу ыкмасы колдонулган.
  3.  «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынын 7-беренеси бузулган.