(Кыргыз) КТРКнын сюжетиндеги алешемдиктер

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Медиа адистердин арасында КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналы даярдаган “Хизб ут-Тахрир» уюмуна кантип азгырышат?” деген сюжети катуу талкууланууда. Видеоматериалда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун өзүнө тарапташтарды тартуу ыкмалары жана андан чыгуу жолдору айтылат. Адистердин айтымында, бул сюжетти даярдоодо журналисттик көп каталарга орун берилген. Аларды тизмектеп көрөлү.

Дээрлик 12 мүнөттүк сюжеттин 0:28-0:33 жана да 3:20-3:28 секунддарында (бардыгы болуп 13 секунд) Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун символикалары ачык айкын көрсөтүлгөн. Кыргыз мыйзамчылыгына жараша, экстремисттик уюмдардын атрибутикасын жана символикасын илимий максатта гана колдонууга болот (“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР мыйзамы, 1-берене, 2-пункт).

Ошондой эле видеосюжетте КР журналистинин этикалык кодексинин бир катар нормалары бузулган.

2022-жылдын 23-мартында “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” форумунда КР журналисттеринин этикалык кодексине жаңы киргизилген нормалар боюнча (15-берене), “Журналисттерге өз материалдарында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын аталышын белгилөө сунушталат”.

Сөз болуп жаткан сюжеттин бир да жеринде оозеки түрүндө да, жазуу түрүндө да “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюму Кыргызстанда тыюу салынган уюм экендиги белгиленген эмес.

Ошондой эле сюжеттин башкы каарманынын аты-жөнү толук берилип, аны бети башы жашырылган эмес. Экстремисттик уюмдан чыгуу кандай оор экенин билген, негизги каармандын коопсуздугун ойлогон журналист анын аты-жөнүн жана өңү-түсүн жашырып, анын ким экендигин аныктаганга жол бербейт эле (КР Журналистинин этикалык кодекси, 13-берене). Ошол эле кезде сюжетте бул уюмдун тузагынан чыга алган башка эки адамдын аты-жөнүнүн ордуна каймана аттары колдонулуп, беттери чыбырчыктатылып берилген. Бирок камакта отурган адам калган экөөнө караганда аялуураак абалда экенин белгилей кетүү керек.

Бул жерде сөз кылуучу дагы бир жагдай – негизги каарман титрде туткун деп тааныштырылат. Бирок “туткун” деп биз адатынча согуш учурунда душмандын колуна түшкөн адамды түшүнөбүз.

Видеосюжет “Ала-Тоо 24” каналы тарабынан 10-декабрда даярдалган болушу керек, анткени ал фейсбук баракчасына ушул күнү, ал эми Ютубдагы баракчасына 1 күндөн кийин жарыяланган.

Биз талдоо жүргүзгөн күнү (2022-жылдын 21-декабры) фейсбукта сюжетке 66 пикир, ал эми Ютубда 82 комментарий жарыяланганы жетишкен. Алардын арасында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун өкүлдөрүнө же ага жан тарткандарга таандык бир катар комментарийлерди тапса болот.

Ошентип, материалга комментарий калтыруу мүмкүнчүлүгү тыюу салынган уюмдун көз карашын жайылтууга кошумча аянтча болуп калды.

Өз аброюна көңүл бурган ЖМК коомдук тармактардагы алардын материалдары боюнча элдин пикирлеринде да мыйзамга жана этикалык талаптарга каршы келген нерселерге жол бербегенге аракеттенип, комментарийлерди модерациялап турат. “Ала-Тоо 24” каналы бул жагдайларга көңүл бурбайт экен.

Диний темасына, экстремизм жана терроризм темаларына жазуу дайыма татаал болуп келген. Аны үчүн журналистке тийиштүү даярдык керек. Болбосо материалы башында койгон максаттан таптакыр башка жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.