(Кыргыз) Instagram пабликтер. Медиабы же жокпу?

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Учурда коомдук тармактар жаңылыктар менен таанышуунун негизги булактары болуп калды. Өзгөчө Инстаграмдагы жаңылык пабликтер популярдуу. Бирок алардын ЖМКлардан чоң айырмачылыктары бар. Бул материалда алардын негизгилерине жана кыргыз ЖМКлары пабликтерден эмнеге үйрөнсө болооруна токтолобуз.

Instagram пабликтердин популярдуулугу

7 жыл мурда Кыргызстандын калкы жаңылыктар менен негизинен теле аркылуу таанышса, учурда алдыңкы орунга жаңылык интернет-сайттары дагы эмес, коомдук тармактар чыкты. 2023-жылдын декабрында Кыргызстандагы Интерньюс уюму менен «М-Vector» изилдөө-консалтинг компаниясы биргеликте сунуштаган «Кыргызстандын медиа аудиториясынын кабылдоосу жана жүрүм-туруму. 9-толкун» деген аталыштагы изилдөөнүн жыйынтыгына ишенсек, учурда кыргызстандыктардын 53% жаңылыктар менен таанышыш үчүн коомдук тармактарды колдонот (1-график).

1-график. Кыргызстандыктар колдонгон маалымат булактары

Ал эми, ушул эле изилдөө боюнча, өлкөбүздөгү эң популярдуу коомдук тармак болуп Instagram эсептелет. Сурамжылоого катышкандардын 72% бул коомдук тармакты колдоноорун билдирген (2-график).

2-график. Кыргызстандагы эң популярдуу коомдук тармактар

Мындай пабликтердин популярдуулугун ага жазылгандардын санынан эле байкасак болот. Алардын көбүнүн жүз миңдеген жазылуучулары бар, айрымдарыныкы бир миллиондон да ашат.

Пабликтер жоопкерчиликтүү медиа эмес

Инстаграм пабликтердин ушундай көп сандагы окурмандары бар экенине бир чети кубансак болчудай. Анткени интернет колдонуучуларга замандан артта калбай жаңылыктар менен таанышып турууга жакшы мүмкүнчүлүктөр болууда, б.а. Инстаграм колдонуучулар атайын жаңылык булактарына (сайттарына) кирип убара болбой ошол эле Инстаграмдагы пабликтерден дүйнөдө, өлкөдө эмне болуп жаткан билип турушат.

Бирок бул жерде ойлонто турган жагдай – Инстаграмдагы жаңылык пабликтер биринчи орунга элди ишенимдүү, пайдалуу жана зарыл маалыматтар менен камсыз кылууну эмес, киреше көрүүнү коюшкандыгы. Пабликтер өзүлөрүн «жаңылыктар сайты», «маалымат порталы», «маалымат агенттиги» деп атагандары менен иш жүзүндө алар андай эмес.

SMM жана онлайн контент боюнча адис, «Марал» радиосунун башкы редактору Орозгүл Арстанованын айтымында, пабликтер жаңылыктарды өзүлөрү даярдабай эле, даяр маалыматты алышат.

«ЖМКлар маалыматтарды текшеришет, такташат, каталарын оңдошот, ылайыктуу сүрөтүн, видеосун коюп чыгарат. Ал эми Инстаграм пабликтер кызыктуу болуп көрүнгөн ошол даяр материалды көчүрүп алып колдонушат», – дейт О.Арстанова.

Анын айтымында, Инстаграм пабликтер атайын ботторду колдонушат – бул боттор учурда ЖМКларда жарыяланган бардык маалыматтарды бир жерге топтоп берип турат, ал эми Инстаграм пабликтерде иштегендер ошолордун арасынан кызыктуу көрүнгөндөрүн тандап алып, бир аз өзгөртүп пабликтеринде жарыялашат. Ошону менен катар алар жаңылык алынган маалымат булагына адатынча шилтеме кылышпайт. Ал эми кыргызстандык ЖМКлар жетекчиликке алган КР журналисттеринин этикалык кодексинин 21-беренесине мындай деп айтылат:

«Журналисттин плагиаттык кылууга жана маалымат колдонуучуларды кандайдыр бир башка жол менен адаштырууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек».

Пабликтер жарыяланып жаткан маалыматтын аныктыгын жана тактыгын текшерип да убара болушпайт. Ушуга байланыштуу аларда такталбаган, же бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы сейрек эмес. Мындан эки ай мурда «Factcheck.kg’нин анализи Кызыл-Омпол кениндеги уранды казып алууда экологиялык коркунуч жок экенин көрсөттү» деген фактыны бурмалаган посттор бир катар инстаграм пабликтерде жарыяланган. Ал боюнча Factcheck.kg’нин редакциясы бул постторду төгүндөгөн материалды даярдаган.

«Паблик аккаунттар көбүнчө ката же башка жактан көчүрүлгөн жаңылыктарды чыгарат. Бирок алардын жоопкерчилигин эч ким карабайт. А эгер биз сыяктуу медиалар кайсы бир маалыматты текшербей чыгарып, ката кетирсе, тез эле темир тор артына кирет», – дейт «Медиахаб» коомдук фондунун кызматкери, иликтөөчү-журналисти Асел Шамилова.

Пабликтерди жоопкерчиликке тартуу да татаал, анткени алардын аккаунтунан пабликтин ээси ким экендиги, кимдер иштээри, аларды кантип тапса болоору тууралуу маалыматтарды табуу мүмкүн эмес. Айрымдары гана жарнама жайгаштыруу маселеси боюнча байланышуу телефондорун жана кээде электрондук почталарын гана көрсөтүшөт. Ири пабликтерден News.kg паблиги гана кошумча дагы сайтын көрсөткөн, бирок анда дагы жогоруда аталган маалыматтарды табууга болбойт. Ал эми жарыялап жаткан жаңылыктарына жоопкерчиликти моюна алган ЖМКларда бул маалыматтар жашырылбайт. Алардын коомдук тармактарындагы барактарынан байланыш маалыматтарды, ал эми сайттарынан калган бардык маалыматтарды тапса болот.

Пабликтерден үйрөнө турган нерселер

Учурда журналисттик стандарттарды карманган кыргызстандык айрым медиалар гана жазылуучулардын саны боюнча пабликтер менен теңтайлаша алат.

Көрүнүп тургандай алдыңкы орундарда коомдук тармактар менен иштөөгө мыкты адистерди тарта алган «Азаттык» медиасы жана кыргызстандык орус тилдүү медиалар турат. Башка кыргыз тилдүү медиалардын көбүнүн Инстаграмдагы баракчаларына жазылгандардын саны 100 миңге да жетпейт.

Орозгүл Арстанованын пикиринде, ЖМКларга пабликтердей көп жазылуучуларды топтоо кыйнчылыктарды жаратышы мүмкүн.

«ЖМК катары биз маалыматты иргебей, пабликтердей ыкчам чагылдырганга умтула турган болсок ЖМКнын аброюна доо кетиши мүмкүн. Жоопкерчилик маселеси да бар… Пабликтер теманы койгондо да элдин эмоциясын жаратканга аракет кылат», — дейт ал.

Бирок да ЖМКларга пабликтерден үйрөнө турган нерселер бар. Алардын негизгилери:

  • башка медиалар жарыялаган жаңылыктар менен дайым кабардар болуп туруу үчүн атайын аспаптарды, ботторду колдонуу;
  • ыкчамдуулук үчүн күнү-түнү иштөө режимин колдонуу;
  • жарыяланып жаткан постторду бир стилде жасалгалоо;
  • жарыяланган материалдардын санын көбөйтүү.

Ушул санап өтүлгөн жагдайлар боюнча ЖМКлар пабликтерге көп жагынан уттуруп жатканын байкасак болот.

RFE RLдин («Азаттык» радиосу) Фергага өрөөнү боюнча бюросунун жетекчиси, Кыргызстандагы белгилүү медиа адис Данияр Садиевдин айтымында, учурда ЖМКлар атайын санарип бөлүмдөрдү ачып иштетүүгө көңүл буруулары керек.

«Азыр аудиториянын контентке талабы өзгөрдү. Ошондуктан азыр медиалар коомдук тармактарга ылайыкташтырылган контентти жасаганга үйрөнүшу керек. Мурдагыдай сайтка же телеге жасалган медиа продукты менен жөн гана бөлүшүп коюу азыр жарабайт. Мына ошондо коомдук тармактардагы аудиторияны тарта алышат. «Азаттыкта» ушуга жакшы көңүл бурулуп келет», — дейт ал.

«Т-Медиа» каналы бир жыл мурун анда өндүрүлгөн медиа контентти коомдук тармакка ыңгайлаштыруу боюнча атайын санариптик команданы түзгөн болчу. Каналдын директору Жаныбек Деркенбаевдин билдирүүсүндө, команданын иши жакшы жыйынтыктарга алып келди.

«Катталуучулар менен кайтарым байланыш жакшырды. Биздин инстаграм баракчада комментарий калтыргандар, лайк баскандар өтө аз болчу. Катталуучулар дээрлик кошулбай жаткан. Бир жыл мурун 38 миң катталуучубуз болсо, акырындан өзгөрүш болуп жатып, акыркы 4-5 айдын ичинде 43 миңге жеттик. Видеолордун көрүмдүүлүгү 1-2 миңден ашпай келген. Азыр жакшы көрүлгөнү 10-50 миң, кээ бирлериники 100-500 миңге жетип жатат», — деп билдирет Ж.Деркенбаев.

Аны менен кошо телеканал Instagram баракчасын ар кандай жарнамаларды сатуу үчүн ийгиликтүү колдонуп, бир жылда 200 миң сомдон ашык каражат таба алган.

Айтылгандарды жыйынтыктай турган болсок, инстаграм пабликтерди жоопкерчиликтүү медиа катары кабылдоого болбойт. Бирок ошол эле учурда салттуу ЖМКлар, журналисттик стандарттарды жетекчиликке алган башка медиалар инстаграм пабликтердин иш алып баруусунан өзүнө пайдалуу көп нерселерди алалышат. Бул аудиторияны кеңейтүүгө, аны менен кайтарым байланыштуу жакшыртууга жана ошондой эле кошумча киреше табууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.