Factcheck.kg Кызыл-Омпол кенинде уранды казып алуу экологияга коркунуч келтирбейт деген эмес

Кыргызстандык Smi.kg Instagram-паблиги Factcheck.kg редакциясына шилтеме келтирүү менен «Кызыл-Омпол кенинде уран казып алуу экологияга коркунуч келтирбейт» деген жаңылыкты жарыялаган.

Smi.kg паблиги Factcheck.kg’нин материалынан «Ошентип, Кызыл-Омпол кенин иштетүүнүн айланасында коомдук пикирде пайда болгон карама-каршылыктар экологиялык коркунуч тууралуу фактылык маалыматтарга эмес, тарыхый окуяларды туура эмес чечмелөөгө негизделген. Factcheck.kg тарыхый документтер Усубалиевдин экологиялык коркунучтардан улам уран кендерин иштетүүгө тыюу салынышы тууралуу сөздөрүн тастыктабай тургандыгын аныктады», – деген цитатаны келтирет.

Пабликтин материалы кенди иштетүү экологияга зыян келтирбейт деп билдирген Садыр Жапаровдун интервьюсунан кийин жарыяланган.

Чынында эле, 5 жыл мурун Factcheck.kg сайтында «Эмне үчүн совет мезгилинде Кызыл-Омпол уран кенин иштетишкен эмес?» («Почему в советское время не разрабатывали урановое месторождение Кызыл-Омпол?») деген материал жарыяланган болчу.

Бирок материал кенди иштетүүдөгү экологиялык коркунуч жөнүндө эмес болчу. Анда Турдакун Усубулиевдин өзүнүн «Тандалмалар. Сүйлөгөн сөздөрү жана макалалары. 3-китеп» («Избранные. Речи и статьи. Книга 3») деген китебинде Ысык-Көлгө коркунуч жаралышы мүмкүн болгондуктан совет мезгилинде кен иштетилбеген деген сөзү канчалык чындыкка жакын болгондугу текшерилген.

Редакция изилдөө жүргүзүп, экологдордун, биологдордун жана башка эксперттердин пикирлерин чогулткан эмес. Журналисттер 1981-жылдагы «”Көк-Майнок” кенинде жер алдында эрүүчү нерсени ажыратуу боюнча пилоттук иштерди жүргүзүү жөнүндө долбоорлоо маселелери» деген архивдик документти текшерип чыгып, Кара-Балта тоо-кен комбинаты чындыгында экологиялык коркунучтан эмес, рентабелдүүлүктүн жетишсиздигинен улам кенди иштетпегенин аныктаган.

Документтин авторлору экологиялык коопсуздук маселесине үч абзац гана арнап, эч кандай коркунуч жок деген тыянакка келишкен. Бул жерде аталган документ 43 жыл мурда тузүлгөнүн жана учурда ага таянуу жарабастыгын белгилей кетишибиз керек.

2019-жылы журналисттер мындай тыянак чыгарышкан: «Турдакун Усубалиевдин айткандары далилденбеди. Кара-Балта тоо-кен комбинаты 60-жылдары Кызыл-Омпол кенин ишетип баштоого аракет кылышкан эмес. Геологиялык бөлүмдүн кызматкерлери ал жылдары бул кенде уранды казып алуу рентабелдүү эмес деп эсептешкен». Экология тууралуу сөз болгон эмес.

Smi.kg келтирген цитата дагы Factcheck.kg’нин материалында кезикпейт.

Ушуга байланыштуу Factcheck.kg’нин материалына шилтеме кылып, экологиялык коркунуч жок деп билдирүү туура эмес.

Тыянак: көз жазгыруу. Instagram паблик Factcheck.kg’нин материалына шилтеме кылып, анда жок цитатаны гана келтирбестен, анда сөз кылынбаган экологиялык коркунуч жок деген жыйынтык да чыгарат.