(Кыргыз) Кыргызстанда «жаңылыктар чөлү» барбы?

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Дүйнө жүзүндө санариптик өзгөрүүнүн жана 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан акыркы 20 жылда аймактык медиалардын санынын кескин азайышы байкалууда. Мисалы, АКШда эле 2005-жылдын башынан тарта 2500ден ашык аймактык гезиттер жабылган. Ушуга байланыштуу «жаңылыктар чөлү» (news desert) деген түшүнүк пайда болду. «Жаңылыктар чөлү» деп жергиликтүү медиасы жок, же тургундары ишенимдүү, ар түрдүү, көз карандысыз жергиликтүү маалымат булактарына жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген чөлкөмдөр (географиялык же административдик) аталат.

Адатынча, мындай «чөлдөрдө» жашаган коомчулуктун маданий, экономий, саясий жана социалдык маселелери көп учурда көз жаздымда калып, жемкорлук көрүнүштөр күч болот. Анткени аларды чагылдырып, алардын актуалдыгын бийлик өкүлдөрүнө жеткирип турган, туура эмес иштерди тескеп турган журналисттер жок же аз. Жыйынтыгында «жаңылык чөлдөрдүн» көп болушу өлкөдө ар түрдүү келишпестиктерге алып келиши мүмкүн.

Кыргызстанда «жаңылыктар чөлү» боюнча абал кандай болду экен?

Өлкөбүздөгү гезиттердин басымдуу көпчүлүгүн басып чыгарган «ММКга колдоо көрсөтүү» коомдук фондусу басмаканасынын, «Жаматтык ЖМКлар бирлигинин» маалыматтарына, «Журналисттер» коомдук бирикмеси 2022-жылы түзгөн «ЖМКлар каталогуна» жана аймактык медиа өкүлдөрдөн алган маалыматтарга таянып төмөнкү «Аймактык медиалар» деген графикти түздүк. Тактай кетүүчү жагдай, биз коомдук-саясий багыттагы учурда иштеп жаткан (чыгып жаткан) аймактык (анын ичинде облустук жана шаардык) салттуу медиаларды (гезит, ТВ жана радио) гана алдык. Жарнамалык жана ведомстволук медиалар (мисалы, жождун гезиттери) эсепке алынган жок.

Аймактык медиалардын саны жетиштүүбү?

Коомчулук кайсы бир окуя тууралуу мүмкүн болушунча толук маалымат алып, ага байланыштуу ар түрдүү көз караштар менен тааныш болушу үчүн маалыматты кеминде эки булактан алышы керек болот. Эгер биз шаарларды эсепке албай, райондор боюнча гана эсеп жүргүзө турган болсок, эң идеалдуу шартта Кыргызстанда 80 аймактык медиадан кем болбошу керек болот (өлкөбүздө 40 район бар). Аларды облустар боюнча бөлүштүрсөк:

Облустар Идеалдуу шартта Иш жүзүндө
Баткен 6+ 8
Ош 14+ 18
Жалал-Абад 16+ 9
Талас 8+ 4
Чүй 16+ 11
Нарын 10+ 2
Ысык-Көл 10+ 5

 

Бир караганда Баткен, Ош жана кандайдыр бир деңгээлде Чүй облустарында аймактык медиалар жетиштүү санда болгондой көрүнөт. Бирок Баткен облусундагы 8 аймактык медианын 2сү облустук мамлекеттик ЖМКлар – «Баткен таңы» гезити жана УТРКнын курамына кирген «УТРК Баткен», 2сү башынан көз карандысыз медиа катары ачылып иштеп жаткандар – «ЮТС» телеканалы жана «Салам FM» радиосу, калган 4 ЖМК – 2018-жылы жүргүзүлгөн мамлекеттик ЖМКлардын реформасынан кийин өз алдынча жашоого өткөн мурдагы мамлекеттик райондук жана шаардык гезиттердин мураскерлери.

Ош облусунда медиалардын көбү Ош шаарында жайгашып, райондордо бирден гана мурдагы мамлекеттик райондук гезиттердин мураскерлери иштеп келет.

Чүй облусунда да негизинен өз алдынча жашоого өткөн мурдагы райондук гезиттер гана чыгып жатат. Ал эми эки райондо бир да жергиликтүү медиа жок.

Баарынан кейичтүү абал Нарын облусунда. Бул жерде облустук мамлекеттик ЖМКлардан («УТРК Нарын» жана «Теңир тоо» гезити) башка бир да медиа жок.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы 8 райондун жарымында, Ысык-Көл облусундагы 5 райондун 4үндө, Талас облусун дээрлик бардык райондорунда жергиликтүү медиалар жок.

Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2024-жылдын башынан тарта 12 мамлекеттик облустук гезиттерди каржылоону токтото турганын билдирген. Мындайда алардын айрымдары өз алдынча жашап кета албай жабылып калышы толук ыктымал. Өзгөчө калкы аз, бизнес чөйрөсү жакшы өнүкпөгөн облустарда. Ошондо аймактык медиалардын саны дагы кыскара түшөт.

Аймактык медиалардын элге жетүүсү кандай?

Райондордо чыгып жаткан гезиттердин көбүнүн нускалары болгону 1000-2000 түзөт, айрымдарынын гана нускалары 4000ге чукулдап барат.

Облустук гезиттердин көбүнүн да нускалары, Маданият жана маалымат министрлиги моюнга алгандай, 1000-2000 түзөт жана аймактагы тургундардын бардыгын камтый албайт.

Райондук гезиттердин көбүндө 1-2 гана журналист иштейт. Мындайда элдин көйгөйүн чагылдырган көп сандагы сапаттуу контентти күтүү мүмкүн эмес. Гезиттер негизинен жергиликтүү администрациянын жардамы менен уюштурулган жазуулардын эсебинен жашап келет. Басылмалардагы маалыматтардын да көбү жергиликтүү бийлик органдарынын буйруктары, жарыялары.

Аймактын жашоосун, маселелерин чагылдыруу боюнча абалды кандайдыр бир деңгээлде аймактык телеканалдар оңдоп турат. Аларда иштеген жамааттын саны да, контенттин ар түрдүүлүгү, көлөмү да көбүрөөк. Бирок мындай көрүнүш Ош шаары менен Ош облусунда жана кандайдыр бир деңгээлде Баткен менен Жалал-Абад облустарында байкалат. Бул облустарда жергиликтүү жашоону чагылдырган бир нечеден электрондук ЖМКлары бар.

Ал эми Нарын облусунда мамлекеттик «УТРК Нарындан» башка электрондук ЖМК жок, Ысык-Көл облусунда «УТРК Ысык-Көл» жана Каракол шаарынын «Волна Иссык-Куля» радиосу гана иш алып барат, Талас облусунда – «УТРК Талас» жана «4-канал», Чүйдө «УТРК Чүй» каналынан сырткары Кара-Балта шаарында «Татина», Суусамыр менен Кемин районунда бирден жамааттык радиолор иштеп келет.

Канча аймактык сайттар бар?

Азыркы заманда элдин көбү маалыматтарды салттуу ЖМКларга кайрылбай интернеттен алып калды. Муну жакында Кыргызстандагы Интерньюстун колдоосу менен M-Vector жүргүзгөн изилдөө да тастыктайт. Ага ылайык, учурда Кыргызстанда 2017-жылга салыштырмалуу теле жана радиоколдонуучулардын саны 20-30%га кыскарган, ал эми интернетти колдонгондордун саны, тескерисинче, 30%дан ашык өсүп 91%ды түзгөн. Интернет колодонуучулардын 49% дүйнөлүк желени жаңылыктар менен таанышыш үчүн колдонуп келет.

Бирок Кыргызстандагы аймактык медиалар интернет айдыңын өздөштүрүүгө анчалык көңүл бурбагандай элес калтырат.

Бир да райондук гезиттин сайты жок, ал эми облустук жана шаардык гезиттерден «Ош жаңырыгы», «Ош шамы», «Теңир тоо» жана «Чүй баянынын» гана сайттары бар. Жеке менчик гезиттерден жалал-абаддык «Аймак» басылмасынын гана өз сайты бар.

Аны менен катар жеке менчик ТВлар менен радиолордун дээрлик бардыгынын сайттары бар жана андагы маалыматтар такай жаңыланып турат. Бирок бул негизинен түштүк чөлкөмдөгү медиаларга гана тийиштүү. Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында иштеп жаткан жеке менчик электрондук ЖМКлардын биринин да сайты жок.

Аталган медиалардын сайттарынын популярдуулугун, башкача айтканда канча адам күнүнө аларга кирип турарын аныктоо татаал болду, анткени алардын бардыгында эле эсептегичтер жеткиликтүү эмес экен. Жеткиликтүүлөрдүн маалыматтары боюнча, электрондук ЖМКлардын арасынан «Ош ТВнын» сайтына күнүнө 2500гө чейин колдонуучу кирет, ал эми гезиттердин арасынан «Аймак» басылмасынын сайтына – 1500гө чейин.

Андан сырткары салттуу ЖМКлардын сайттары болуп эсептелбеген көз карандысыз 5 аймактык интернет басылма бар:

  1. Oshto.kg (Ош ш.)
  2. Kogart.kg (Жалал-Абад ш.)
  3. Versia.kg (Жалал-Абад ш.)
  4. Dolon Media (Нарын ш.)
  5. Karakol.com.kg (Каракол ш.)

Аталган көз карандысыз интернет-басылмаларга баш багып, андагы маалыматтар менен таанышып тургандардын саны жогоруда келтирилген сандардан кыйла азыраак. Мисалы, Oshto.kg сайтынын күнүмдүк колдонуучуларынын орточо саны 60-70тин айланасында, Kogart.kg сайтыныкы – 50-60.

Бул жерде интернетте аймактык жаңылыктарга өзгөчө көңүл бурган 2 сайтты атай кетүү керек. Биринчиси Turmush сайты. Кыргызстандагы аймактык жаңылыктарды чагылдырган эн популярдуу сайт болуп эсептелет. Бул сайтка күнүнө орточо алганда 50-60 миң колдонуучу кирип турат. Бул сандар Кыргызстан калкынын аймактын жашоосуна кызыгуусу чоң экенин айгинелейт.

Экинчи сайт – Кыргызстан боюнча 3 жамааттык радионун жана 26 мультимедиалык борбордун башын бириктирген «Жамааттык ЖМКлардын бирлигинин» сайты. Анда өлкөбүздүн бардык аймактарында жайгашкан жамааттык медиалардын жаңылыктары жарыяланып турат.

Бирок да Turmush сайты сыяктуу ири интернет-басылма да аймактык медиалардын ордун толук баса албайт, анткени жергиликтүү медиа сыяктуу аймактын жашоосун толук камтый албайт, жергиликтүү калктын маселелерин жеткиликтүү жана ар башка жагынан ачып бере албайт.

Ал эми https://kyrgyzmedia.kg/ сайты чакан 26 чөлкөмдүн (айылдын же айыл өкмөтүнүн) жана 3 райондун гана жаңылыктары менен чектелет. Анан да жамааттык медиалардын өкүлдөрү журналистика боюнча ар түрдүү окутуулардан такай өтүп турганы менен, бул сайтка жарыяланган материалдарды негизинен кесипкөй эмес журналисттер даярдашат.

Жогоруда келтирилген маалыматтардан өлкөбүздүн аймактарында «жаңылыктар чөлдөрү» бар деген тыянакка келсек болот. Аймактык медиалар саны, аудиторияны камтуусу, элди ар түрдүү көз караштар менен тааныштыруусу, контентинин ар түрдүүлүгү, интернет аркылуу аймактык жаңылыктар менен элди толук камсыздоо жагынан жетиштүү деңгээлде эмес экени байкалат. «Жанылыктар чөлдөрү» өзгөчө Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында көп. А демек аймактык калктын маданий, экономий, саясий жана социалдык маселелери тийштүү деңгээлде терең чагылдырылбай калууда.

Баш сүрөт Kandinsky ЖИнин жардамы менен жаратылды