(Кыргыз) Өзбекстанда интернет эки айга акысыз болот деген жаңылык — фейк

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

“Өзбекстанда интернет жана уюлдук байланыш кызматы эки ай бою акысыз болду” деген аталыштагы макала 25-мартта telesputnik.ru сайтына жарыяланган. Анда жарандар интернет жана уюлдук байланыш кызматы үчүн акы төлөй албай калса, эки айдын ичинде өчүрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу айтылат. Аталган сайт өз жаңылыгында Өзбекстандын өкмөтүнүн токтомуна таянганын айтып,  “Красная весна” аттуу маалымат агенттигине шилтеме берген.

 

Маалымат Кыргызстандагы news.kg аттуу Инстаграм баракчасы бөлүшкөн жана маалыматты 34 миңден ашуун адам окуган. Андан соң, маалымат Кыргызстандагы социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Айрымдары Кыргызстандын өкмөтү эмнеге мындай чараларды көрбөйт деп суроо салган.

 

 

Биз бул маалыматты текшерип көрдүк. Өзбекстандын өкмөтү чынында эле 2020-жылдын 23-мартында 176-сандагы “Коронавирустун жайылышына каршы чараларды көрүү туурасында” атайын токтом кабыл алган. Анда жарандар интернет жана уюлдук байланыш кызматтары үчүн акы төлөй албай калса, эки айдын ичинде бул кызматтар өчүрүлбөй туруусу керектиги жөнүндө айтылат.

 

 

Бирок, Өзбекстандагы уюлдук байланыш кызматын көрсөткөн айрым компаниялар өздөрүнүн сайттары жана баракчалары аркылуу өкмөттүн токтому алардын ишмердүүлүгүнө төп келбей тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Маселен, “Mobiuz” компаниясы кардарларга өзүнүн расмий фейсбук баракчасы аркылуу кайрылган. Анда компания кардарларын кызмат көрсөтүүгө болгон акыны убагында төлөөгө үндөп, өкмөттүн токтому алардын ишмердүүлүгүнө дал келбей тургандыгын билдирген.

 

 

Ошондой эле “Beeline Uzbekstan” компаниясы өкмөттүн токтомунда уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү учуру чагылдырылбагандыгын  белгилейт.  Бирок, жогоруда айтылган эки уюлдук компания тең айрым билим берүүчү маалымат ресурстарын акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле алар 1003 сурап билүү номерине чалууну акысыз кылган. Ал эми калган учурларда кадимкидей эле төлөм алынаары айтылат.

 

Мамлекеттик “UZTELECOM” компаниясы болсо 2020-жылдын 20-мартынан 1-майга чейин гана билим берүүчү медиа ресурстарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берген. Аталган компания өз сайтына акысыз кирүүгө мүмкүн болгон сайттардын жана  тиркемелердин тизмесин киргизген. Анда айтылгандардан сырткаркы кызматтарды колдонуу учурунда кадимкидей эле төлөм алынаары эскертилет. Мындан сырткары  “UZTELECOM” башка компаниялар сыяктуу эле 1003 сурап билүү номерине чалууну акысыз кылып койгон.

 

 

Ал эми “TURON TELECOM” компаниясы фейсбук баракчасына IPTV, санариптик жана аналогдук телекөрсөтүүлөр үчүн акы төлөнбөй калган учурда кызмат өчпөй турганын билдирет. Бирок, ал жерде кардарлар карызды качан төлөөсү керектиги тууралуу айтылган эмес. Болгону ушул жылдын 27-мартынан тарта эки айдын ичинде аталган кызматтар өчпөй тургандыгы боюнча белгиленет.

 

Жыйынтык: Өзбекстанда интернет эки айга акысыз болот деген жаңылык — фейк

1. telesputnik.ru сайты чыгарган жаңылыктын темасы анын мазмунуна дал келбейт.  Макаланын текстинде аталган кызматтар эки айдын ичинде өчүрүлбөйт деп айтылат. Ал эми баштема “Өзбекстанда интернет жана уюлдук байланыш кызматы эки ай бою акысыз болду”  деп аталат. Бул — манипулация.

2. Өзбекстанда интернет жана уюлдук кызмат акысыз болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени өлкөдөгү интернет жана уюлдук компаниялар айрым билим берүүчү медиа ресурстарга жана 1003 сурап билүү номерине чалууну акысыз кылып койгон. Калган учурларда кадимкидей эле төлөм кабыл алынат.

3. Өкмөт эки айдын ичинде интернет жана уюлдук кызмат байланышына болгон карыз үчүн аталган кызматтарды өчүрбөй туруу жөнүндө токтом кабыл алган. Башкача айтканда, толугу менен интернет жана уюлдук кызмат көрсөтүү акысыз болсун деген эмес.

Буга чейин Өзбекстанда аталган кызматтарга болгон акы  бир айдын ичинде төлөнбөсө, толугу менен кызмат көрсөтүү өчүрүлчү.