(Кыргыз) Казак олигархынын Кыргызстанда кандай кызыкчылыктары бар?

(Кыргыз) Алмас Мынбаев Кыргызстанда кендерди чалгындоо иштерине кызыкдар. Ал менен чогуу компанияларга Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев кош-негиздөөчүлүк кылат.

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Алмас Мынбаев forbes.kz версиясы боюнча Казакстандын эң бай 50 адамынын бири.  

Аны Кыргызстан менен эмне (же ким) байланыштырат?  

Аны биздин өлкө менен Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев байланыштырат. Тагыраак айтканда,  анын  «Кай Интерпрайз Плюс» ЖчК компаниясы. Фирманын уюштуруучулары болуп, шаардык Кеңештин төрагасы менен биргеликте  «SUN AVENUE PARTNERS CORР» эсептелет. Панамалык документтер боюнча офшорлордо (британдык Виргин аралдары) катталган бул юридикалык уюмга түздөн-түз казак олигархы, таасирлүү Мынбаевдердин өкүлү, Алмас Мынбаев ээлик кылат.  

Казак олигархын Кыргызстанда эмне кызыктырат? 

Өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтарына таянсак,  «Кай Интерпрайз Плюс» компаниясынын эки кен жатагына лицензиялары бар: 1)  Чанач-Төмөнкү (майда алтын) — иштетүү; 2)  Ничкесу (алтын, сурма, күмүш) — чалгындоо. Сайтка ишенсек, анда лицензиянын мөөнөтү аяктаган, ошондой эле порталда маалымат көптөн бери жаңыртылган эмес. Анткени, «ачык бюджет» сайтында «Кай интерпрайз плюс» компаниясы тарабынан апрель айы үчүн лицензияга төлөм жүргүзүлгөн (жерди пайдалануу укугун берүүчү лицензияны кармап туруу үчүн төлөм  — салык эмес төлөм). Буга ылайык, фирма алиги күнгө чейин тоо кен тармагында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. 

 

https://forbes.kz/ranking/object/118

Казакстандын эң бай 50 бизнесменинин рейтинги (2018, май)

$80 000 000
Камсыздандыруу, фосфориттер / 44

Алмас Мынбаев  Nomad Life жана Nomad Insurance камсыздандыруу компанияларынын жалгыз кожоюну болуп эсептелет жана «Улуттук лизинг компаниясы» АК, фармацевтикалык  «BA Pharmaceuticals Ltd» ТОО жана  «Интерфарма-К» АКда өз үлүшү бар.  Ошондой эле, Британияда Виргин аралдарында катталган инвестициялык  Sun Avenue Partners Corporation компаниясы дагы ага таандык. Бул компания Актөбө облусунун Чилисайында фосфоритти өндүргөн Sunkar Resources компаниясынан жалгыз ээси.  Sunkar Resources аркылуу бизнесмен  «Темир-Сервис» ТОО  жана  Chilisai Chemicals ишканаларына дагы ээлик кылып келет.

ШТК «Спарта Номад» командасынын башкы демөөрчүсү.