(Кыргыз) Манипуляциялоого багытталган Багыт.kg гезитинин макаласына МЕДИАСЫН

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында “Багыт.kg” гезитинин №43-чыгарылышында «Бийлик тың чыккан “тыңчыларга” күнү түшүп, көкөлөтө баштады» аттуу макала жарыяланды.

Анда Рита Карасартованын Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалганы тууралуу айтылган. Макала жаңылык катары, бейтарап, калыс берилбестен, автордун (аты-жөнү жазылбаган) жеке пикири менен коштолгон. Анда  Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин бир нече беренелери бузулуп, манипуляциянын айрым ыкмалары колдонулган.

Алгач автор өз пикирин элдин пикири катары берип, макала каарманын төмөнкүдөй сындаган: “АКШнын артынан жем жеп келет деп айтылып келген”, “улуттук баалуулуктарды тебелеп тепсеп”, “Батыштын демократиясын таңуулап”, “жек көрүнүп бүткөн” ж.б.

 Мында манипуляциянын “көпчүлүккө шилтеме” (аппеляция к большинству — «Все вокруг считают так, следовательно, это верно») аттуу ыкмасы колдонулат. Ага ылайык, кайсы бир пикир “элге таандык болгондуктан”, чындык катары берилет. Булак – Коул, 1998, 210-312 б.

Ошол эле учурда мкалада Этикалык кодекстин 10- беренеси бузулган.

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене.

Макалада каарманды кемсинтип, анын кадыр-баркына шек келтирүү аракетти байкалат. Мыйзамга ылайык,

Журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү.

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзам, 7-берене.

Макалада мындай деп айтылат: “Бул бейөкмөтчүлөр чындап эле теңирден тескери иш жасашып, элдин кыжырын кайнатып келаткан “башка” мамлекеттердин агенти болуп алышканын мезгил өзү тастыктап койгон. Мисалы, 3 жаштагы наристе атасы же кайсы бир зөөкүр тарабынан зордукталса, булар жабылып алып ал кыздын эмес, ошол зордуктаган зөөкүрдүн укугун көбүрөөк коргошот”.

Бул манипуляциянын кеңири колдонулган “душманды шайтанга айлантуу” ыкмасы (демонизация врага — превращение оппонента  в «недочеловека», аморального, безжалостного и т.д., используя ложные или непроверенные обвинения).

Душманды (мында макала каарманын) чындыкка дал келбеген жана такталбаган маалымат аркылуу адамдык сапаты жок, ырайымсыз кылып көрсөтүү. Булак – Коул, 1998, 210-312 б.

Макаладан үзүндү: “Эми мынча болду Умуралиева, Карасартовадан тышкары Исамилова, Абдырасулова деген атактуу бейөкмөтчүлөргө деле бакыйган кызмат бергиле да. Маселен, Исмаилованы юстиция министри кылып салгыла, Абдырасулованы президенттин аппараттын сот, укук маселесин тейлеген бөлүмүнун башчысы кылгыла. Эч тартынбагыла, силерге кошомат кылгандар менен эле сындап ажылдагандар эле керек ошкойт. Ошондой аты бар, заты жоктор менен элди бир жыргаткылачы, биз дагы күтө туралы”.

Мында манипуляциянын “теманы/тезисти буруу” аттуу ыкмасы колдонулат. (Подмена тезиса/темы — логическая ошибка в доказательстве, состоящая в том, что, начав доказывать некоторый тезис, постепенно в ходе доказательства переходят к доказательству другого положения, сходного с тезисом). Автор өз тезисин бекитүү максатын көздөп, бара-бара башка тезиске өтөт. Булак – Коул, 1998, 210-312 б.

Макалада бийлик бейөкмөт уюмдардын жетекчилерине кызмат таратууда деген тезисин бекитүү үчүн Калича Умуралиева менен Рита Карасартовадан тышкары автор бийликке Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдырасулова үчүн кызмат ордун сураган.

Мындан тышкары, макалада журналисттин сынына кабылган адамдын пикири дээрлик берилген эмес. Автордун пикири макаланын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, жалаң сын менен коштолот. Жыйынтыгында, журналистиканын алгачкы талабынын бири – тең салмактуулук сакталбай калган.

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.

Жыйынтык: 

  • 1.    Макалада автор манипуляциянын  “көпчүлүккө шилтеме”, “душманды шайтанга айлантуу”, “теманы/тезисти буруу” аттуу ыкмаларын колдонгон.
  • 2.    Багыт.kg редакциясы Рита Карасартова тууралуу макаласында Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин 10,17-беренелеринин бузулушуна жол берген.
  • Мындан тышкары, «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынын 7-беренеси бузулган.