(Кыргыз) NazarNews сайтынын Бабанов тууралуу макаласына МЕДИАСЫН

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

28-августта Naraz News сайтынынын «Аналитика» рубрикасына “Бабановду Рысбек өң-алеттен кетирип, купкуу кылып, кан кустуруп, жүрөгүн алып койгон” деген аталышта макала жарыяланды.

Макала журналисттик стандарттарга жооп бере алабы, дегеле аны “аналитика” деп айтуу мүмкүнбү? Макаланы даярдоодо кайсы мыйзам ченемдер бузулган?  Ушул жана башка суроолорго «Медиасын» рубрикасынын алкагында жооп издеп көрөлү.

Алгач “аналитика” түшүнүгү грек тилинен алынып, «анализ искусствосу» деп которуларын эске салсак. Ал эми журналисттик кесипте “аналитика” – кандайдыр бир көйгөйдү же процессти чагылдыруу менен гана чектелбестен,  аны терең иликтеп, компетенттүү, айрым учурда илимий жол менен талдап, тыянак чыгаруу дегенди билдирет эмеспи.

Макаланын аталышы. “Бабановду Рысбек өң-алеттен кетирип, купкуу кылып, кан кустуруп, жүрөгүн алып койгон” деген баштемада манипуляциянын “Шылдыңдоо жана ирония” аттуу пропаганда ыкмасы пайдаланылат.

Пропаганданын шылдыңдоо жана ирония ыкмасы каарманды мазактоо, сөздү түз мааниде эмес, кыйыр мааниде пайдалануу аркылуу белгилүү нерсени тескери мааниде көрсөтүү же анын аныктыгына күмөн саноо (булак – Тагвелл, 1979, pp.295-324). 

Мындан тышкары, баштема Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин  10-беренесинин талабына жооп бербейт.

10-берене. Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. 

Медиасынга кабылган макаланын баштемасында божомол факт катары берилген. Мындай ыкманы колдону аркылуу автор каарманды кемсинтип, анын беделине шек келтирет.

Кыргыз Респубилкасынын Конституциясынын 29-беренесинин 1-пунктуна ылайык

Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

Мындан тышкары, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинде журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдеринин талаптарын сактоого;

— даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн ынанымдуулугун текшерүүгө, ошондой эле калыс маалымат берүүгө;

— маалымат берген адамдардын алардын авторлугун көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандырууга;

— соттун чечимисиз күнөөсүздүк принцибин сактоого;

— инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү.

Журналист кесиптик маалыматты өз максатында колдоно, адамдын жеке турмушу жөнүндө фактыларды жарыялай, ошондой эле аудио- жана көрмө жазуучу жабдууларды маалыматтын булагынын же автордун макулдугусуз пайдалана албайт.

Макалада автор Өмүрбек Бабановдун жүрөгүнүн жоктугун “тастыктоочу” бир нече  жүйөлөрдү келтирүүгө аракетин жумшаган. Ошол эле учурда, тексттеги бир дагы сөз айкалышынын/ сүйлөмдүн алгачкы булагы көрсөтүлүп, фактылар келтирилген эмес.

“Бабановдун мээси бар, байлыгы бар, бирок жүрөгү жок”, “Бабанов шымын булгап, өң-алеттен кетип, купкуу болуп калыптыр”, “шамалдай учуп түшүп эле кан кусуп жибериптир”, “Бабанов болсо Атамбаевдин “кол баласы” болгон”,  “бүгүн Бабанов өзүн эр жүрөк сезбесин, анткени ал жүрөгүн эбакта эле Чолпон-Атага калтырып келген” деген сыяктуу, каарманды жаманатты кылган билдирүүлөрдүн кайра-кайра кайталанышы илимий тилде «кайталоо» аттуу манипуляция болуп саналат жана анын натыйжалуулугу жогору болуп саналат.

Социолог, социалдык психолог Виктор Сороченко «Пропаганда ыкмаларынын энциклопедиясы» аттуу ишинде пропаганданын эң натыйжалуу жолу — бул бир эле ырастоону талыкпастан кайталоо  деп билдирген.

 Бир эле нерсени улам-улам кайталоонун эсебинен адамдар өз билим-деңгээлине таянбастан, механикалык негизде эске тутуп кала турган ырастоолорго көбүрөөк ишенип калат.

Мындан тышкары, макалага колдонулган коллаж каарманды акча жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин алдында тизе бүктүрүп, аны башкалардын жанында төмөндөтүп көрсөтүү  каармандын кадыр-баркына шек келтирип, окурмандын маалыматты  кабыл алуусуна түздөн-түз таасир берет.

Жыйынтык: 28-августта Nazar News сайтында “Бабановду Рысбек өң-алеттен кетирип, купкуу кылып, кан кустуруп, жүрөгүн алып койгон” аталыштагы макалада Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексин (10-берене), Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (29-берене) жана  “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” (7-берене) мыйзамынын беренелери одоно бузулуп, пропаганданын “Кайталоо”, “Шылдыңдоо жана ирония” ыкмалары колдонулган.