(Кыргыз) NazarNews сайтынын карантин учурундагы өлүм тууралуу макаласына МЕДИАСЫН

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

25-мартта NazarNews сайтына “Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду” деген аталыштагы макала жарыяланган.

Жаңылыктын баштемасы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, элдин үрөйүн учурганын комментарийлерден улам көрсө болот:

Шилтемени ачканда гана окуя Кыргызстанда эмес, Россиянын Ленинград облусунда болуп өткөнү тууралуу кабарланат.

Макалада Италиядан келген соң, үй карантинине алынган 18 жаштагы кыз газга ууланып, каза болгону тууралуу айтылат.

Автор “РИА Новости” агенттигине шилтеме берген. Окуя мындайча баяндалат:

 

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине карабастан, Nazar News баштемада маанилүү маалыматты — окуя болуп өткөн жерди белгилеген эмес. 

Эскерте кетсек, 24-мартта президент Бишкек, Ош шаарларына жана  өлкөнүн бир нече райондоруна өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечимге кол койгон.

 «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамында жарандардын, ЖМК, журналисттердин өзгөчө абал учурунда укуктары жана милдеттери тууралуу мындай деп айтылат:

 Өзгөчө абал жарыяланган аймакта кычаштык-чагымчыл кабарларды таркатуу, укук тартибин бузуучулукка түрткөн же улуттар аралык араздаштыкты чыгаруучу аракеттер, жарандардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин аткарышына активдүү көрсөтүү, ага тете ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аскер кызматчысынын же коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйруктарына же талаптарына баш ийбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. 31-берене. 

Nazar News агенттигинин баштемада маанилүү маалыматты жашыруусунун жыйынтыгында негизги маалымат бурмаланып  кабыл алынган жана төмөнкү мыйзам ченемдердин бузулушуна алып келген:

Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 9-берене.

Автор «тандалма чындык» жана «дезинформация» аттуу пропаганда ыкмаларын колдонгон:

Тандалма чындык пропаганда ыкмасында манипулятор чындыктын чекесин чыгарып, өзүнө пайдалуу гана тарапты кабарлайт, ал эми калган тарабы тууралуу кеп козгобойт.  Бул ыкманын өзгөчөлүгү —  манипуляторго керектүү гана болгон фактыларды сууруп алып, окурман/көрөрман күткөн маалыматко кошуу. Бул учурда окурман/көрөрман прогандага кабылганын аңдабайт.  Булак — Коул, 1998. 210-312б.

Дезинформация — коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар камтылган маалымат менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү.

Жыйынтык: Nazar News агенттиги макала жарыялаган  кезде төмөнкү мыйзам ченемдердин бузулушуна жол берген:

  1. “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзам, 31-берене.

  2. Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодекси, 9-берене

  3. мындан тышкары, “тандалма чындык”, «дезинформация» аттуу пропаганда ыкмалары колдонулган.