(Кыргыз) Байдендин америкалык банктардын туруктуулугу тууралуу сөзүнөн кийин алардын акциялары урадыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн банк системасынын туруктуулугу тууралуу билдирүү кылды, ошондон кийин банктардын акциялары урады. Ушул маанидеги маалымат коомдук тармактарда таркатылууда. Бул маалыматка АКШнын президентинин билдирүүсүнүн видеосу тиркелген.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрүүнү чечти.

АКШнын президенти кандай билдирүү кылды?

Джо Байден чынында эле 13-мартта банк тутуму коопсуз деп билдирүү жасап, Силикон өрөөнүнүн банкынын (Silicon Valley Bank) кыйрашынын таасирин чектөө жана каржы системасына ишенимди арттыруу үчүн көрүлгөн чараларды белгилеген.

“Администрациямдын акыркы бир нече күндөгү ыкчам аракеттеринин аркасында америкалыктар банк тутумунун коопсуздугуна ишене алышат”, – деген Байден өз сөзүндө.

Силикон өрөөнүнүн банкынын кыйрашы боюнча бул билдирүү 13-мартта жасалган, ага чейин федералдык тескөөчү органдар абалды көзөмөлгө алып, аманатчыларга акчаларын Силикон өрөөнүнүн банкынан кайтарып алууга кепилдик беришкен.

Банктардын акциялары эмне себептен урады?

Silicon Valley Bank жана Signature Bank банктарынын кыйрашына байланыштуу чочулоололор дүйшөмбүдө, 13-мартта дүйнөлүк банктардын акцияларынын жана АКШ казынасынын кыска мөөнөттү баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгүнүн урашына алып келди.

Белилей кетүүчү жагдай, бейшембиде, 10-мартта, АКШнын башка банктарынын акцияларынын котировкалары да төмөндөй баштаган.

АКШнын эң белгилүү банктары: Silicon Valley Bank жана Signature Bank менен эмне болду?

10-мартта башкы кеңсеси Кремний өрөөнүнүн чок ортосунда, Санта-Кларде жайгашкан Silicon Valley Bank (SVB) банкынын жабылышы айтылды. Банктын кыйрашы күтүүсүз болду, ага чейинки 48 саат аралыгында кардарлары өз депозиттерин алууга шашылышкан.

Банктын баалуу кагаздарды саткандан кийин чыгымга учурашы жана бул чыгымдарды жабыш үчүн $2.25 млрд өлчөмүндөгү жаңы акцияларды сатыкка чыгарганы кардарларынын чочулоосун жараткан.

Бирок CNN’дин маалыматы боюнча, банктын кыйрашынын негизги себепчиси кардарлары эмес, банк миллиарддаган долларларга сатып алган АКШнын мамлекеттик баалуу кагаздарынын баасынын кескин арзандашы болгон.

“Мурда утушка гана алып келчү болуп көрүнгөн вариант заматта кыйрады, анткени инфляцияны ооздуктоо максатында Федералдик резервдик тутум пайыздык чендерди кескин көтөрүп жиберген”, – деп жазат СNN.

Алардагы маалымат боюнча, пайыздык чендер көтөрүлгөн кезде баалуу кагаздар арзандайт, ошондуктан пайыздык чендердин кескин көтөрүлүшү SVB’нын баалуу кагаздар портфелинин арзандашына алып келген. Өткөн жумада бул портфель орточо алганда 1.79% киреше алып келчү, бул 10 жылдык баалуу кагаздардын 3.9%ды түзгөн кирешелүүлүгүнөн кыйла төмөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы АКШнын эң ири банктарынын арасында активинин көлөмү боюнча ($209 млрд) Silicon Valley Bank 16-орунда болчу.

Signature Bank

SVB банкынан кийин 12-мартта Signature Bank жабылган. Бул тууралуу Bloomberg билдирди. Жума күнү, 10-мартта, Signature Bank’тын кардарлары Silicon Valley Bank’тын күтүүсүз кыйрашынан кийин катуу чочулап, 10 млрд доллардан көбүрөөк көлөмдөгү депозиттерин чыгарып кетишкен, деп билдирет CNBC.

Бул депозиттердин качышы АКШнын тарыхындагы көлөмү боюнча үчүнчү банктын банкроттугуна алып келди. Жөнгө салуучу органдар жекшембиде аманатчыларынын корголушун жана АКШнын банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо максатында мамлекет бардык чыгымдарды өз моюнуна аларын жарыялашкан.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Чынында эле Джо Байден АКШнын банк тутумунун туруктуулугу тууралуу билдирүү кылган, бирок банктардын акцияларынын урашына АКШнын эки банкынын (Silicon Valley Bank, Signature Bank) кыйрашы себепчи болгон.