(Кыргыз) Коронавирустун жаңы штаммынан каза болгондор көп болобу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коронавирустун британиялык штаммынан өлүмгө дуушар болгондордун саны кыйла көп болот. Бул тууралуу Англия премьер-министри Борис Джонсон 22-январда өткөн брифинг учурунда жар салганын ЖМКлар жазып чыкты.  

 

Буга чейин Factcheck.kg Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин жаңы штамм тууралуу айтканын текшерип, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлүп бүтпөгөнүн жана министрдин билдирүүсү далилдене электигин аныктаган эле

Ал ортодо коронавирустун мутацияланган штаммынын өлүмгө алып келгендигинин жаңы далилдери чыктыбы, Factcheck.kg текшерди.

22-январда премьер-министр Борис Джонсон, Англиянын башкы дарыгери Крис Уитти жана өкмөттүн башкы илимий кеңешчиси Патрик Валланстын катышуусунда брифинг өткөрүлгөнү белгилүү болду. Алардын негизги билдирүүлөрүн The Guardian басылмасынан табабыз.  

 

Англиянын башкы дарыгери Крис Уитти, премьер-министр Борис Джонсон жана өкмөттүн башкы илимий кеңешчиси Патрик Валланс

Лондондо жана Англиянын түштүк-чыгышында табылган коронавирустун жаңы түрүнөн өлүмгө дуушар болгондордун саны көбүрөөк болушу ыктымал экенин Борис Джонсон билдирген. 

Ал эми Патрик Валланстын айтымында кадимки коронавируска чалдыккан 1000 адамдын ичинен 10у өлүмгө дуушар болгон болсо, жаңы штаммга кабылган 1000 адамдын ичинен 13-14ү өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.  Ал жаңы вируска жаш-кары дебей бардык курактагылар чалдыгарын кошумчалаган. 

Бирок Валланс бул баштапкы гана көрсөткүчтөр экенин жана акыркы бүтүм али чыга электигин белгилеген. 

 

 

Өкмөттүн башкы илимий кеңешчиси Патрик Валланс

Брифингде айтылган билдирүүлөргө үч эксперт күмөн санаганын  айтып чыккан.

Алардын бири — профессор Грэм Медли “Би-би-сиге” берген интервьюсунда жаңы вирус өлүмгө көбүрөөк алып келери тууралуу суроо учурда ачык бойдон калганын билдирген. 

Дагы бир эксперт Майк Тилдсли аягына чыга элек ишти коомчулукка алып чыккан Борис Джонсонго таң калып атканын айткан. 

Ал эми Англиянын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Ивон Дойл жаңы штаммдын өлүмгө алып келиши жөнүндө маселе азырынча так эместигин айткан.

Жыйынтык: далилденген жок. 

Жаңы вирус өлүмгө көбүрөөк алып келери тууралуу изилдөөлөр учурда аягына чыга элек.