(Кыргыз) ChatGPT Кыргызстанда жемкорлук менен күрөшүү боюнча кеңештерин берди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

ChatGPT жашообузга эбегейсиз тездик менен кирип келип, анда белгилүү бир орунду ээлегенге жетишти. Адамдар анын жардамы менен кайсы бир маселелерин чечип, дипломдук иштерди, эл алдында сүйлөй турган сөздөрүн жаза башташты. Ал эмес биздин премьер-министр Акылбек Жапаров Digital Almaty форумундагы сөзүнүн айрым бөлүгүн нейротүйүндүн жардамы менен даярдаган.

Билдирме: Chat GPT – адамдын суроолоруна биз көнүп калган кадимки издөө кызматындай эмес, жасалма интеллект түрүндө жоопторду тапкан нейротүйүн. Ал адамдын сурамы боюнча ырды, жомокту жаза алат, кандай гана суроо болбосун, мисалы, бакыт деген эмне деген суроого түшүнүү менен адам сыяктуу жооп бере алат.

Factcheck.kg нейротүйүндөн Кыргызстандагы жемкорлукту кантип жеңсе болот деп сураганда, ал төмөнкүдөй жооп берди:

“Кыргызстанда жемкорлук менен күрөшүү комлекстүү аракеттерди жана кызыкдар тараптардын бардыгынын катышуусун талап кылган маанилүү маселе болуп эсептелет. Кыргызстандагы жемкорлукту жеңгенге жардам бериши мүмкүн айрым кадамдар төмөнкүлөр:

Көз карандысыз көзөмөл жүргүзгөн органды түзүү. Бул мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана аткаминерлердин ишмердүүлүгүн текшере алган мамлекеттик аудитордук палата, жемкорлукка каршы агенттик же башка органдар болушу мүмкүн.

Укук коргоо тутумун реформалоо. Жемкорлук аракеттер боюнча көз карандысыз тергөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта алышы үчүн юридикалык институттарды бекемдеп, соттордун жана укук коргоо органдарынын иштерин жакшыртуу зарыл.

Мамлекеттик башкарууда айкындуулукту жана ачыктыкты жогорулатуу. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүү керек. Мисалы, бюджеттик каражаттарды колдонуу боюнча отчетторду жана башка маалыматтарды жарыялап туруу. 

Жарандык коомду өнүктүрүү. Көз карандысыз бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтүп, алардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү зарыл, анткени алар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, жемкорлук учурлар боюнча билдирүү кылып, алардын иликтенишин талап кыла алышат.

Калктын билимдүүлүгүнө жана маалымдуулугуна көңүл буруу. Калк арасында жемкорлук көрүнүштөрдү кантип аныктоо жана билдирүү керектиги, ошондой эле жемкорлуктун коом үчүн кесепеттери боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүү маанилүү.

Эл аралык кызматташуу. Жемкорлук менен күрөшүү боюнча эл аралык кызматташууну чыңдоо зарыл. Бул, мисалы, жемкорлук менен күрөшүү боюнча эл аралык келишимдерге кол коюу, тажрыйба жана технологиялар менен алмашуу.

Жемкорлук менен күрөшүү көп убакытты алышы мүмкүн, бирок бардык кызыкдар тараптардын катышуусу болгондо оң жыйынтыктарга жетсе болот”.