(Кыргыз) “Жарым-жартылай” мобилизация жөнүндө маалыматтар кайдан чыкты? Орус президентинин манипуляциясы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21-сентябрда Орусияда “жарым-жартылай” мобилизация башталаары белгилүү болду. Орусиянын президенти Путин өтө бүдөмүк сөздөрдү камтыган расмий жарлык  чыгарган, ал эми анын бир пункту жашыруун бойдон калууда.

Бирок, орус лидери элге кайрылуусунда конкреттүү түрдө мындай дейт: “Кайталап кетейин, сөз жарым-жартылай мобилизация жөнүндө болуп жатат”.  Андан ары аскердик кызматка чакырыла турган жарандар тууралуу маалымат берүүдө:

  • Аскердик резервдеги жарандар.
  • Биринчи кезекте Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн жарандар.
  • Белгилүү аскердик каттоо адистиктерине ээ жарандар.
  • Тийешелүү тажрыйбага ээ жарандар.

Ошентсе да, Путиндин сөздөрү жана анын Жарлыгынын пункттары бири-бирине дал келбей жатат. Документтин текстинде  аскердик резерв жана башка пункттар жөнүндө сөз жок. Аскердик тажрыйба боюнча тактоолор жок, атайын аскердик адистиктердин тизмеси да  жок.

Белгилей кетсек, документтин 5-пунктунда аскердик кызматтан бошотуу үчүн үч гана негиз жөнүндө айтылат:

  • Чектүү куракка жетүү (б.а. 55 жашка чейин).
  • Ден соолугунун абалы боюнча – аларды аскердик-дарыгердик комиссия аскер кызматына жараксыз деп тааныгандыгына байланыштуу.
  • Соттун эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жөнүндө өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу.

Жарлыкта айтылган бирден-бир реалдуу пункт бул мындай укукту уюмдарда иштеген Орусиянын жарандарына берүү.

Ошондой эле Кремлдин сайтында Жарлыктын 7-пункту жок экендигин белгилей кетүү керек. Басып чыгарылган Жарлыктын көчүрмөсүндө бул пункт пайда болуп, анда “Кызматтык пайдалануу үчүн” деп белгиленип турат.

Жыйынтык: манипуляция. Азырынча “жарым-жартылай” мобилизацияга туш болбогон, бирок аскер комиссариатына чакыруу алышы мүмкүн болгон Орусиянын жарандары өз укуктарын коргоо үчүн Президенттин Жарлыгына кайрыла алышпайт.

Путиндин жарлыгы ушунчалык бүдөмүк жазылгандыктан, иш жүзүндө “жарым-жартылай” мобилизацияга өлкөнүн 18 жаштан 50 жашка чейинки эркек калкынын баары кирет.

Маалымат үчүн: Запастагы жарандар жаш курагы боюнча үч разрядга  бөлүнөт:

  • Биринчи разряд — жоокерлер, старшиналар, прапорщиктер жана мичмандар — 35 жашка чейин, кенже офицерлер — 45 жашка чейин
  • Экинчи разряд — жоокерлер, старшиналар, прапорщиктер жана мичмандар — 45 жашка чейин, кенже офицерлер — 50 жашка чейин
  • Үчүнчү разряд жоокерлер, старшиналар, прапорщиктер жана мичмандар — 50 жашка чейин, кенже офицерлер — 55 жашка чейин.