(Кыргыз) Германия жараны коронавирус диагнозу менен Бишкектеги ооруканага жаткырылганбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бишкектеги ооруканалардын бирине коронавирус диагнозу менен чет өлкөлүк жаран жаткырылды деген маалымат мессенджерлерде тарады.

«Кечөө түнү «Меди» клиникасынын тез жардам кызматы чет жактан келген немецтен коронавирус дартын тапты. Учурда ал  инфекция ооруканасында», – деп айтылат билдирүүдө.

Айрым колдонуучулар маалыматтан күмөн санап, аны фейк катары кабыл алды.

Factcheck.kg билдирүүнү текшерип көрдү.

«Меди» клиникасынын тез жардам кызматкери окуяны тастыктады. «Ооба, бизде мындай окуя болгон экен. Жетекчинин номерин жазып алсаңыз, ал бейтаптын аты-жөнүн жана башка маалыматты айтып берет», – деди кызматкер, телефон аркылуу байланышканыбызда.

Бирок, «Мединин» тез жардам кызматынын жетекчисинин орун басары Денис Гаржайкин маалыматты четке какты. «Маалымат фейк. Бизге эч ким кайрылган эмес. Бул санэпидемстанциянын иши», – деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус оорусу катталган эмес деп билдирди. Мындан бир нече күн мурун 74 жаштагы Германия жаранынын температурасы көтөрүлүп,  инфекция ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер ага коронавирус эмес, пневмония деп диагноз койгон. Учурда анын абалы жакшырды.

Жыйынтык:  Германия жараны  коронавирус диагнозу менен Бишкектеги ооруканага жаткырылды делген маалымат – фейк.